Прокурордун өлүмү: облустук прокуратуранын жетекчилиги иштен алынды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнөн улам облустук прокуратурада жетекчилик кызматта иштегендерди жумуштан алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокурор Баткенге учуп келип, аймактагы бардык укук коргоо органдарынын катышуусу менен жыйын өткөрдү. ИИМдин маанилүү иштерди иликтеген бөлүмүнө прокурордун өлүмүн иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Тергөө иштери маалында облустук прокурордун эки орун басары, прокуратуранын эки бөлүмүнүн башчысы жана Баткен районунун прокурору иштен четтетилди.

Баткен облустук прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Орозбек Бердибаев дайындалды.

Прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Спутник 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу