Прокуратура президентке жакшы ат кошчу боло албай келет…

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдарды атады. Прокуратуранын талдоосу боюнча ички иштер министрлиги жана анын түзүмдөрү, транспорт жана жол министрлиги жана анын түзүмдөрү, мамлекеттик экотехинспекция жана анын түзүмдөрү, саламаттык сактоо министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги, мамлекеттик салык кызматы жана мамлекеттик коргоо комитети коррупцияланган. Бул коррупциялык иштерди ачыктоо үчүн иш алып жаткан белгилүү эксперттерге суроо узаттык.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер:

— Башкы прокурор статистика менен алектенбей чара көрбөйбү? Аталган министрликтердеги мыйзам бузууларды 10 жашар баладан 90догу карыларга чейин ачык эле айтып жүрүшпөйбү. Прокуратуранын түздөн-түз кыймыл аракеттеринен азыр мамлекеггин тагдыры чечилүүдө. Прокуратура президентке жакшы ат кошчу боло албай жатат. Бул албетте, өтө өкүнүчтүү!

Билим берүү министрлигиндеги мыйзам бузуучулуктар менен коррупциялык иштерди мен айта берип жаман  көрүнүп бүттүм. Мейли чыдайбыз. Бирок, өсүп келе жаткан жаш муундардын тагдырын ойлоп дагы эле жаным тынбайт. Жаным кейийт. Билим берүү жана илим саясатын түп тамырынан бери аңтарып түптөп, аны кайра жаратуубуз керек. Башка жол жок. Урпактарга өтө жаман энчи калтырып кетип бара жатабыз!

Мугалимдердин айлыгын үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта көтөрүү боюнча президент жакшы айтты. Уккан мугалим байкуштар жетине албай сүйүнүп жатышат. Бирок, Минфин менен билим берүү министрликтери дагы эле уктап жатышкандай. Жогорку трибунадан президенттин билдирген убадасын тиги эргулдар жөн эле формалдуулукка айлантып, желооз отчетторду түзө салышпайбы? Ушул нерсеге кооптонуп турабыз!

Аида ИСМАИЛОВА, ЖК депутаты:

— Мен эки жылдан бери 2016-2018-жылга чейин саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупциялык схемалар жана мыйзамсыз иштөө боюнча иш жүргүзүп, ошонун баарын ачыкка чыгарганбыз. Жумушчу топ биздин комитеттин чечими менен түзүлүп, мен жумушчу топтун төрайымы болуп шайлангам. Биз атайын справка даярдаганбыз, анын ичине мыйзамсыз коррупциялык иштердин баары киргизилген. Справканын негизинде комитеттин чечимин күч органдарына жана өкмөткө жибергенбиз. Андан бери эки жылдай убакыт артта калды. Бирок, эки жылдан бери эч жылыш болгон жок. Эми гана кичине кыймыл болуп, гемодиализ боюнча кылмыш иши козголду. Башка иштер да каралып баштады. 2018-жылдын 16-апрелинде бул справканы комитетке алып чыкканбыз. Ошол убакыттан бери бир эле иш козголду. Бул справкага аябай көп көйгөйлөр камтылган. Справкабыз жүз баракча болгон. Айрымдарына токтолсом, кадрдык маселелер, саламаттык сактоо системасында болгон баардык мыйзамсыз сатып алуулар. Булар «тез жардамдар», ангиографтар, гемодиализ боюнча перинаталдык борбордун курулушу жөнүндө айтсам болот. Бул справкалардын жөнөтүлгөнүнө бир топ убакыт болду. Бирок, өкмөт эмне кылып жатканын билбейм. Ал тармактын ондолушунун 70% менин талабым менен ишке ашты. Эң негизги кейгейлер каралбай калып жатат. Анткени бул кейгейлер ондолуп кетсе эле коррупциялык элементгер жок болушу мүмкүн. Иштин башында тургандардан бери жеп-ичип көнүп калышкан. Ондоого сонун мүмкүнчүлуктөр болгону менен иш жылбай жатат. Бул бири-бирине чырмалышкан коррупциялык схема.   Жамиля НУРМАНБЕТОВА БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу