Проблеманы Сапар Исаков чечтиби?

Бир нече күндөн бери татаалдашып кеткен кыргыз-казак чек-арасындагы ахвал аз- аздан жөнгө салына баштады көрүнөт. Ага себеп, Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаковдун атайын Астанага барып казактын премьер-министри  Бакытжан Сагинтаев менен сүйлөшүүлөрү болду. Казакстан тарап өлкөнүн чек-араларына катуу тартип кирип жатат дегени менен,  далай аналитиктер Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин катуу сынга алгандыгы  чечүүчү себеп болду деп эсептешүүдө.

Кийинки күндөрү кыргыз мамлекет башчысы мамилени бир топ жумшартууга кадам таштады. Чек-арадагы курчуган ахвалды чечүү шыбагасы жаш премьер Сапар Исаковго ыйгарылды. Ал Казакстан тарап менен макулдашып бир топ эле бийик даражалуу топту коштотуп алып Астанага барып келди. Албетте мындайда сөз өтө дипломатиялуу ыкма менен жүрөт эмеспи. Эки тарап тең кыргыз-казак мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү керек экендигине басым жасашты. Ал эми негизги маселелерди жөнгө салуу үчүн 5 күндүк мөөнөт ичинде чек-арадан өтүү маселесин биротоло жөнгө  салууга жол картасын иштеп чыгуу өкмөт башчылардын орун басарларына тапшырылды. Чек-арада өтө албай кыйналгандар үчүн жарыктын шооласы ачылды окшойт.

Сыртынан байкалбаган менен мына ушундай иш-аракеттер Сапар Исаковдун кичине төмөндөй түшкөн рейтингин калыбына келтирүүгө жардамын берип кетти. Болбосо, өзгөчө «Кайсар Абылкасымов камалды»-  деген жалган билдирүүдөн кийин,  биздин өкмөт башчы бир топ эле ыңгайсыз абалда калбады беле. Айтоор ушундай катачылык ийгиликтер коштогон Исаков бийик даражалуу кызматына көнүп келатат өңдөнөт. Сапар Исаковго  Конституция боюнча ыйгарылган  бийлигин колго так алууга, мына ушундай татаалдашкан жүрүштөр практикалык сыноо болуп жатабы? Бул суроого чыныгы жооп жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден кийин билинет.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу