Президент өлкөдөгү ар бир жарандын үнүн угууга даяр

19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздөгү жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы менен жолугушууга бейөкмөт уюмдардан жана коомдук активисттерден 40 өкүл чакырылды. Жолугушууда мамлекет башчысы адам кайсыл жерде иштесе да, бейөкөт уюмдардабы же мамлекеттик структурадабы, бир гана максат болуш керек – мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, Кыргызстандын келечеги үчүн эмгектенүү экенин белгиледи. «Мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы тыгыз конструктивдүү коммуникация көйгөйлөрдү жана максаттарды ачык айтуу үчүн негиз болуп берет. Мындай кызматташуу – бул ийгиликтүү иштин негизи», — деди Сооронбай Жээнбеков. Ал жарандык коомдун өкүлдөрү өздөрүнүн билимин, тажрыйбасын жана күчүн элдин кызыкчылыгы үчүн багыттоосун кааларын айтты. «Баарыбызды бир гана миссия – Кыргызстанды өнүктүрүү, анын көз карандысыздыгын бекемдөө, эркиндик, демократиялык баалуулуктар, ынтымак. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай «Биз баарыбыз бир кемедебиз». Биздин кеме – Кыргызстан», — деди президент. С. Жээнбеков Кыргызстанда акыркы убактарда күчтүү жарандык коом пайда болгонун жана бул сыймыктанууга боло турган жетишкендик экенин белгиледи. Бул потенциалды мамлекеттин кызыкчылыгында сактоо жана бекемдөө керек. «Биз жарандык сектор менен иштөөгө, өнөктөш болууга даярбыз, биз конструктивдүү идеялар жана сындар үчүн ачыкпыз», — деп белгиледи мамлекет башчысы. «Жалпы улуттук ынтымак – биздин башкы приоритет. Бул маанилүү иште чоң роль жарандык коомдун өкүлдөрүнө тиешелүү. Биз мамлекетибизде тынчтыкты жана ынтымакты гана бекемдебестен, бардык мыкты күчтөрдү бириктирүүгө, акыйкат бийлиги бар гүлдөп өнүгүп бараткан мамлекетти куруу үчүн биздин баардык ресурстарды мобилдештирүүнү колдоого чакырам», — деди С. Жээнбеков. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө. Эске сала кетсек, мындай жолугушуу буга чейин болуп көргөн эмес. Президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушканы – өлкөбүздөгү ар бир жарандын үнүн угууга даяр экендигин көргөздү. Бул акыйкат бийлиги бар, өнүккөн өлкөнү курууга багытталган жакшы жышаана болуп саналат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу