Президент өкмөттүн жана парламенттин мурунку башчылары менен жолугушат

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда өкмөттүн жана парламенттин мурдагы башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу Жээнбеков Бириккен Улуттук Уюмунун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушкан учурда билдирди.

Президент мындай кадам коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика экенин белгилейт.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков буга чейин журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, донорлор жана жаштар менен жолугушту.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу