Президент судья Эсеналиеваны мөөнөтүнөн мурда бошотту

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Гульжан Есеналиева мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдады.

“ Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Есеналиева Гульжан Шаршенбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулду. Анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары өз калоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу