Кытайдын Кыргызстандагы элчиси алмашат

Кытайдын Кыргызстандагы учурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа дипломаттык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу 12-февралда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу президенттин аппаратты кабарлады. Анын маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекет башчы Жээнбеков кыргыз тарап Кытай менен кызматташыкка жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Биз урматтуу Си Цзиньпин менен мамилебизди жана элдерибиздин достугун жогору баалайбыз. 2019-жыл кыргыз-кытай мамилесинде өзгөчө жыл болот, көптөгөн иш-чаралар белгиленүүдө. Анын ичинде эң маанилүүсү — Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанда өтчү расмий сапары жана ШКУнун курамындагы өлкөлөрдүн биздин өлкөдө өтүүчү саммити болот», — деди президент.

Мамлекет башчы Кытай лидеринин күтүлүп жаткан сапары жана ШКУнун саммити көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берет деген ишеничин да билдирди.

Кытайдын элчиси Сяо Цинхуа өзүнүн элчилик кызматы учурунда кыргыз мамлекетин, элин, үрп-адатын жактырып калганын айтып, Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин атынан жылуу каалоолорун билдирди.

«Сиз ар дайым Кытайга жакшы көңүл буруп, колдоо көрсөтүп келесиз. Кытай туруктуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү менен Кыргызстандын досу жана узак мөөнөттүү өнөктөшү боюнча кала берет», — деди Сяо Цинхуа.

Кытай элчиси дипломаттык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу 11-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушкан.

Сяо Цинхуа Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп 2016-жылдын 19-сентябрынан бери иштеп келе жатат.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу