Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы коммерциялык банктарды өлкө аймактарындагы ишкерлердин долбоорлорун колдоого чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков коммерциялык банктарды өлкө аймактарындагы ишкерлердин долбоорлорун колдоого чакырды «Улуттук банк коммерциялык банктар аймактардагы долбоорлорду каржылай тургандай стимулдарды сунушташ керек», — деп белгиледи Президент бүгүн, 27-февралда, Бишкекте өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында. Мамлекет башчысы белгилегендей, кредит алуу маселеси жер-жерлерге санарип технологиялар аркылуу жеткиликтүү, арзан жана кыска убакытта бюрократия жок берилүүсүн камсыз кылуу керек. Ал азыр „Айыл банк“, РСК банк, Мамлекеттик кепилдик фонду, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду аймактардагы ишкерлерди колдоп жаткандыгын эске салып, коммерциялык банкттар дагы аймактарга көңүл буруусу керектигин айтты. “Аймактарда коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүшү абдан начар. Мамлекет региондорду колдоо саясатын жүргзүп жатканда коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду колдосоңор, ишканалардын саны көбөйөт, чоң жардам болот. Бул багытта Улуттук банк менен мыйзам алкагында иштейсиңер деп ишенем”, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу