Президент Сооронбай Жээнбеков: Кийинки муундарыбыздын, өлкөбүздүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Баарыӊыздарды бүгүнкү Эмгек майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күнү жергебизди салтанат ээлеп,  эмгекти, тилектештикти жана биримдикти даңазалайбыз.

1-Май майрамы — эмгекчилердин укуктарын коргоо менен бирге элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошуп келет.Эмгек ар кыл жаштагы жана көз караштагы адамдарды баш коштурат.

Биз өмүрүнүн күлгүн курагын бакубат өлкөнү курууга жумшаган улуу муундагы ардагерлерибиздин өрнөгүнө таазим кылабыз.Кийинки муундарыбыздын, өлкөбүздүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү эмгек майрамы ар бирибизге кубаныч тартуулап, күч-кубат берсин. Баарыңыздарга жадыраган майрамдык маанай, тынчтык жана эмгегиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу