Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды…

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-мартта Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды.

Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2019-2022-жылдарга өнөктөштүгүнүн алкактык программасынын алкагындагы кызматташтыгы маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен жакынкы болочоктогу өнөктөштүгүнүн пландарын жана стратегиясын талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттануу билдирди жана өлкөнү өнүктүрүү маселелеринде көрсөтүлүп жаткан жигердүү колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен 2022-жылга чейинки өнөктөштүк программасында региондорду өнүктүрүү маселелери Кыргызстандын өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттары катары аныкталганын белгиледи.

«Кыргызстан үчүн региондордо өнөр жайын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү, сорттоочу, сактоочу, таңгактоочу, сатуучу ишканалар менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат», — деп эске салды  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүгүнүн жаңы стратегиясы өлкөнүн стратегиялык документтеринде белгиленген негизги приоритеттерди эске алуу  менен даярдалганын, анда региондорду жана аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берилээрин белгиледи.

«Дүйнөлүк банк өнөктөштүктүн жаңы стратегиясынын алкагында  Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор даярдап жатат. Региондордун базалык көрсөткүчтөрүн  аныкташ үчүн регионалдык талдоо жүргүзүлдү. Биринчи баскычта биз республиканын Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүүнү көңүл борборунда кармасак деген ниеттебиз. Долбоор маселелердин комплексин чечүүгө, тактап айтканда, ал калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырууга, санариптештирүүгө, калкты суу менен камсыз кылууну, жолдорду жана инфраструктураны акшыртуу маселелерин чечүүгө багытталат. Экинчи этапта долбоор өлкөнүн калган региондорун камтыйт „, — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо, регионалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана жакшыртуу, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу