Президент Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда айтылган арыздар жана кайрылуулар тастыкталды…

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 9-январындагы Чүй облусунун Сокулук районунун активи жана коомчулугу менен жолугушуусу учурунда айтылган маселелер жана сунуштар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бийлик органдарынын ишмердигин комплекстүү текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругуна ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Чүй облусундагы Сокулук районунун жашоочулары айткан арыздары жана кайрылуулары тастыкталды.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусу боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин өз милдеттерин жоопкерчиликсиз жана компетенттүү эмес аткарганы коомчулуктун негиздүү сынын жана ишенбөөчүлүгүн жараткан.

Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу үчүн жооптуу жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар социалдык-тиричилик маанидеги көйгөйлүү маселелерди чечүүдөн өздөрү четтеп кетишкен.

Жарандардын арыздарын жана кайрылууларын объективдүү жана ар тараптуу кароонун, жеткиликтүү түшүндүрүү иштеринин жоктугунан райондун тургундары жергиликтүү деңгээлде карала турчу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылууга аргасыз болушкан.

Бир нече жылдар бою жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жер-жерлердеги мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга көмөк көрсөтүп келишкен.

Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишмердигинде, айрым учурларда облустук жана республикалык деңгээлде узак мезгилден бери системдүү коррупция жана бири-бирин жаап-жашыруу орун алып келген.

Көп жылдардан берки коррупция, аракетсиздик жана Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамилеси айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин массалык түрдө көзөмөлсүз сатылуусуна жана ал жерлерде үйлөрдүн мыйзамсыз курулушуна себеп болгон.

Ойлонулбаган жана натыйжасыз жер саясаты чоң көйгөйлөргө алып келип, аларды өз убагында чечпөө калктын нааразычылыгын жана талаш-тартыштарды жаратууда. Анткени, жер тилкелеринин ээлеринин көп бөлүгү ак ниет сатып алуучулар болуп саналат жана алардын колдорунда тиешелүү документтери бар.

Жер саясатын жүргүзүүдө бүгүнкү күнгө чейин инфраструктураны тиешелүү өнүктүрүү каралбайт. Натыйжада социалдык объектилердин (мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж. б.) жетишсиздиги жаралды.

Жарандар тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды териштирүүгө атайылап жолтоо болуу фактылары бар. Буга тиешелүү болгон кылмыштарды жана адамдарды жаап-жашырууга жол берилүүдө. Укук коргоо органдары тарабынан жер маселелери боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү атайылап создуктуруу фактылары аныкталды, прокуратура органдары тарабынан тиешелүү көзөмөл жок.

Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алууга багытталган кылмыштуу аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу боюна чаралар көрүлгөн эмес.

Аныкталган бузууларды эске алуу менен ведомстволор аралык жумушчу топ корутундулары жана сунуштары менен кеңири маалымкат даярдады. Ал 2019-жылдын 1-апрелинде белгиленген тартипте карап чыгуу, уюштуруу жана анын ичинде жооптуу кызмат адамдарына карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн Өкмөткө жана Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Тактап айтканда, ведомстволор аралык иш тобу тарабынан КР Өкмөтүнө төмөнкүдөй сунуштар берилген:

Чүй облусунун Сокулук жана башка райондорунун территориясындагы жер тилкелерин инвентаризациялоо жана чек араларын аныктоо боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн;

Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги айрым жетекчилерди ээлеген кызмат орундарына шайкеш келер-келбеси жөнүндө маселени кароого чейинки катуу тартип жазасына тартылсын;

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын профилдик бөлүмдөрүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү ишмердикти жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды талдап чыгып, Сокулук районунун аймагындагы жер талаш маселелерине тийиштүү пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизсин;

Сокулук районунун тургундары көтөрүп жаткан бардык актуалдуу маселелер, анын ичинде социалдык көйгөйлөр боюнча (ар бир айыл өкмөтү боюнча) иликтеп, сунуштарды киргизсин жана маселелерди оптималдуу чечүүгө багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыксын;

-мамлекеттик органдардын кызматкерлерин контролдоонун жана көзөмөлгө алуунун деңгээлин жогорулатуу максатында жарандардын арыздарын формалдуу жана калыс эмес караганы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактыларын жаап-жашырганы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганы эскертилсин;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «2023-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары» V бөлүгүнүн алкагында Сокулук районунун мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү жаңы мекемелерге же курулуштарга муктаждыгын талдап жана аныктасын;

Сокулук районунун маданий объектилерин оңдоо маселеси боюнча тийиштүү органдар республикалык бюджеттен каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн тизмеге киргизүүнүн жол-жобосун аткарсын.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталды:

жер тилкелерин бөлүп берүү фактылары боюнча козголгон жазык иштерин териштирүүнү создуктурууга жол берген териштирүү жана прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин иликтөө жана кароо;

жогоруда көрсөтүлгөн жазык иштерин иликтөө жана ал иштерди териштирүүнү негизсиз создуктурууга, жооптуу кызмат адамдарын жазалоонун кечигишине жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү, ошондой эле 2009-жылдан ушул кезге чейин айыл чарба багытындагы жер тилкелерин алып сатуу процессин талдоо үчүн КР Башкы прокуратурасынын, УКМКнын, ИИМдин кызматкерлеринен ыкчам-тергөө тобун түзүү;

мыйзамда белгиленген тартипте «Архар» айыл чарба кооперативине тиешелүү 403 га жер боюнча Чүй облустук сотунун сот коллегиясы кабыл алган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн иликтөө жана кароо;

Чүй облусундагы Сокулук районунун тургундарынын арыздарын жана билдирүүлөрүн кароо боюнча милдеттерин жоопкерчиликсиздик менен аткарган, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу фактылары боюнча козголгон жазык иштерин сапатсыз көзөмөлдөгөн Сокулук районунун, Чүй облусунун прокуратура органдарынын жана КР Башкы прокуратурасынын кызматкерлери боюнча тийиштүү кызматтык текшерүү жүргүзүп, алардын ээлеген кызмат ордуларына шайкештиги жөнүндө маселени кароо;

Кубатов Казыбек Идрисовичти — КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо Департаментинин жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сокулук райондук башкармалыгынын башчысын ишке кайра калыбына келтирүү боюнча сот чечимдеринин мыйзамдуулугун көзөмөл тартибинде иликтөө.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу