Президент Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, 24-февралда Жээнбеков менен Ниязов ооз эки сүйлөшүшкөн, анда Фарид Ниязов мамлекет башчысына ээлеген кызматтан кетүү ниети бар экендигин билдирген, бирок президент анын өтүнүчүн кабыл алган жок.

“26-февралда Фарид Ниязов президентке кызматтан кетүү тууралуу арызы менен кирген. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жок, чогуу иштешүүнү сунуштаган. Ниязовдун президенттик шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жумага уруксат берди”,-дейт Стамалиева.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов президенттин аппарат башчылыгына 2017-жылдын 11-декабрында барган. Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Ал буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеп, андан кийин мамлекет башчынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп иштеп келген.

БУЛАК: .zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу