Президент: Коомубузду колу туткак, ыймансыз чиновниктерден тазалап атабыз

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы жылдык куттуктоосунда өтүп бара жаткан жылда берген убадаларын аткаруу үчүн иштегенин, элди түрөө кыдырып, калктын оюн укканын айтты. Ошондой эле коомдун ар кайсы өкүлдөрү менен жолукканын да эске салды.

Мамлекет башчы куттуктоосунда 2018-жылда элет жерине көп көңүл бурулганына да токтолду.

-Аймактарда чоң өзгөрүүлөргө карай чечкиндүү кадамдар ташталды. Бул багыттагы иштер жаңы жылда да уланат. Өлкөнү, өзгөчө аймактарды санариптештирүү – башкы максатыбыз жана милдетибиз. Эл аралык аренада мамлекетибиздин аброюн бекемдедик. ЕАЭБде өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган иштерди жасадык, — деди президент.

Кайрылууда мамлекет башчы Орусия жан кошуна өлкөлөр менен мамиленин жакшырганын да эске салды. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөштүн башталганын айтты.

-Коомубузду коррупциядан, колу туткак, элдин ырыскысына кол салган, ыймансыз чиновниктерден тазалап жатабыз. Жаңы жылда соттук-укуктук реформалар ишке аша баштайт. Кыргызстан жаңы, чыныгы укуктук мейкиндикте жашоого кадам таштайт.

Президент өлкөнүн узак жана орто мөөнөттүү стратегиялары, багыты аныкталганын билдирди.

Жээнбеков аксаты эл менен бирге жаштар урпактары сыймыктанчу коомду, таза бийликти, өнүккөн Кыргызстанды куруу экенин айтты.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу