Президент Жээнбековду ташыган учакты алмаштыруу сунушталды. Себеби эмнеде

Кыргызстандын президенти жана премьер-министри 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат.

Өлкө бышчыны ташыган биринчи бортту алмаштыруу боюнча президентке жана премьер-министрге сунуш киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

«Ту-154 моралдык жактан эскилиги жетти. Бирок абалы жакшы, учуп жүрөт. Убагында тиешелүү текшерүүлөрдү өтүүдө. Анткен менен мүмкүнчүлүк болуп калса жаңы үлгүдөгү батыш учактарына алмаштыралы деген сунуш киргиздик. Азыр маселе каралып жатат», — деди Акышев.

Бирок жетекчи бизге ылайыктуу аба кемесинин баасы канча турарын айтуудан баш тартты.

Салыштыруу үчүн карап көрсөк, Казакстандын биринчи бортунун наркы айрым булактардын маалыматына караганда, 250 миллион долларды чапчыйт. Үлгүсү – Airbus. Дал ушундай эле үлгүдөгү самолет Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиөевди ташыйт.

Кыргызстандын президенти жана премьер-министри 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат. Бирок 2017-жылдын башында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу аталган учактын моделин эксплуатациядан чыгаруу керектигин айткан. Себеби 2016-жылдын 25-декабрында дал ушундай үлгүдөгү учак Кара деңизде кыйраган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу