Президенттин кеңешчиси Догоев кылмышка шектелүүдө…

Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, мурдагы Мамкаттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев УКМК тарабынан кармалып, сурак берип чыкты. Буга дейре, электрондук паспорт бланкаларын чыгаруу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын өткөргөн тендерге байланыштуу УКМК кылмыш ишин ачып, анын алкагында аталган кызматтагы үч жооптуу кызматкер камакка алынган. Президенттин электрондук маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Дастан Догоевдин да аталган чырга байланышы бар экендиги айтылып жаткан. Эми Догоев дагы жооп береби же президенттин аброюна шек келбеш үчүн сүттөн ак кылып, суудан кургак чыгарышабы деген суроо ачык бойдон турат…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу