Президенттеги бардык маселе Абулгазиев аркылуу өтөт

Президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратындагы соңку окуялардан улам, аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абулгазиевдин айланасында сөз кызыды. Ак үйдүн 7-кабатындагы азыркы жагдайды ичинен билгендер Абулгазиев ушул тушта мамлекет башчынын ишенимдүү адамдарынын бирине айланганын, президентке келген-кеткен адамдардын баарын иргеп-тейлеп жатканын айтышат. Учурда аппаратта башкы адам анын жетекчиси Фарид Ния­зов эмес, Абулгазиев экенин, бардык маселе ал аркылуу өтөөрү айтылууда. Мындан улам, Ниязов кызматтан кетсе аппаратты башкарып калышы толук мүмкүн экенин белгилешет. Мухаммедкалый Абулгазиевди жакындан билгендер анын эң ириде эч кимдин көңүлүн оорутпаган, баарынын тилин тапкан, сылык-сыпаа, токтоо мүнөзүн белгилешет.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу