Позициясын чак түштө өзгөрткөн Гаипкулов

Саясаттагы өзгөрүүлөрдү алдын ала сезген, мурдунда сыйкыры бар Искендер Гаипкуловду карапайым калк жакшы тааныбаса дагы, саясый элита эң жакшы билет. Мелис Мырзакматовдун кан кудасы эмеспи. Башта Искендер мырза Темир Сариевге ооп, өзүнүн жана Мырзакматовдун электоратын бурууга дилгирленип аткан, көп өтпөй позициясын кескин түрдө өзгөртүп, учурда таскагы катуулап чыккан Өмүрбек Бабанов тарапка ойт берип кетиптир. Өмүр бою таасирдүү күчтөргө эрмеше калып, бийлик «устуканын» жеп көнгөн Гаипкулов бу саам да чоң шыбагадан үмүт кылып тургандай. Аныгында, саясатта туруктуулукту карманбаган адамдан урмат-сый тайып каларын билесиңер да. Кыскасы, каарманыбыз канчалык жандалбас кылбасын, мындан ары ага кызматтык ооматтын келиши арсар болуп калды го?

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу