Пирматов менен Ибраимов неге декларациясында мүлктөрүн толук көргөзгөн эмес?

Маркум журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов менен Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун толтурган декларациялары тууралуу иликтөө жасаган эле.
Эгизбаев бул эки саясатчынын толтурган декларациялары тууралуу айтып жатып: «Алардын байлыктарын көрүп отуруп, ири ишкер жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлоп калбаңыз. Азыр экөө тең мамлекеттик кызматкер. Эки аткаминер тең декларацияда жубайларына таандык TM ORLAN & GROUP компаниясы тууралуу ооз да ачышкан эмес» деген болчу.
Анан андан ары А. Ибраимовдун декларациясында көрсөтүлгөндөр айтылган. Ага ылайык Албек мырза жылына 766 миң сом айлык аларын жана айыл-чарба продукцияларын сатуудан 3 млн сом киреше табарын, ошондой эле 100% менчиктеги чарбалык субьектиси бар экенин көрсөткөн. Мындан сырткары ал 12 гектар аянттагы 31 жер тилкеси бар экенин, анан дагы жакын тууганына 100 гектар жер тилкеси катталганын көрсөткөн. Анан дагы Ибраимов жакын тууганы жер сатуудан бир жылда 33 млн сом киреше көргөнүн кошумчалаган.
Ал эми ЖК депутаты И. Пирматовдун бир жылдагы акчалай кирешеси 1 497 000 сом деп көрсөтүлгөн. Жалпы аянты 75 чарчы метр эки дача үйү, 3 гектар жер тилкеси жана аты көрсөтүлбөгөн ачык акционердик коомдо 55% үлүшү бар экени жазылган. Мындан сырткары жакын тууганынын жылдык кирешеси 1 120 000 сом деп көрсөтүлүп, кыймылсыз мүлктөрдөн жалпы аянты 366 чарчы метрлик үй жана 20 чарчы метрлик чайкана катталган.
Албетте, мына ушул декларацияда көрсөтүлгөн байлыктары эле карапайым адамдардын түшүнө да кирбеген байлык болуп саналат. Бирок, бул экөөнүн мындан башка да толтура мүлктөрү бар экени коомчулукка жашыруун эмес. Андыктан мына ушул декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрдү жана дагы ага кирбей калган мүлктрүн эки саясатчы кандай жол менен тапканын тиешелүү укук коргоо органдары иликтөөгө алышы керек.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу