Песков: Скрипалдардын иши боюнча Мэй менен Путиндин сүйлөшүүсү «катаал» болду

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Осака шаарындагы жолугушуусунда Солсберидеги уулануу боюнча сөз болуп, сүйлөшүү «катаал» жана «өтө ачык» өттү. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Путин бул маселе боюнча Мэйге «кыйла түшүнүктүү» жооп берди. Бирок Песков британ премьеринин «жоопко канааттанган-канааттанбаганын айта албай турганын» кошумчалады.

«Британ тарап дале болсо Скрипалдардын уулануусуна Орусиянын тиешеси бар экендиги боюнча далилдерди келтире элек. Болбосо жарыяланат эле да», — деди Песков.

Мэй менен Путин 28-июнда Жапониянын Осака шаарында «Чоң жыйырма» саммити учурунда жолуккан. Сүйлөшүүнүн Скрипалдардын ишине байланышкан бөлүгү жабык өтүп, ага котормочулар гана катышты.

Орусиянын Чалгын кызматынын мурдагы офицери Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия 2018-жылдын мартында Солсбери шаарында ууландырылган. Андан тышкары дагы үч британ жараны ууланып, бирөө каза болгон. Расмий Лондон алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» затына уукканын билдирип, буга Кремлди айыптап келет. Орус бийлиги бул айыптоону четке кагууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу