Перизат Дөөлөтбакова: «Сынакта аткаруу үчүн бир күндүн ичинде ыр жазгам»

«Мындан беш жыл мурун ырчылыкка баш-отум менен кирем деп билек түрө аттангам. Бирок жаңыдан аралаша баштаганда эле шоу дүйнөдөн көңүлүм калып калган»,- дейт бүгүнкү маектешим – Перизат Дөөлөтбакова. Бирок жан дүйнөсү ырга жакын болгондуктан дале ыр жазып, обон жаратып, интернет айдыңында гана өзүнүн күйөрмандарын топтоп алганын айтып, бул анын аз да болсо чыгармачылыктагы жеңиши экенин баса белгиледи.

-Перизат, кандайсың? Сенин ырчы Самат Дөөлөтбаковдун карындашы экениң баарыбызга жаңылык болду…
-Шоу-бизнестен кабары жоктор үчүн жаңылык эле болдум окшойт, албетте. Бирок байкем ырчы болгондуктан көпчүлүк чыгармачыл адамдар мени жакшы эле таанышчу.

-Негизи, качантан баштап ырдай баштагансың? Мурун сени чыгармачыл чөйрөдөн көргөн эмес элек…
-Мындан беш жыл мурун шоу-бизнеске аттанам деп аябай даярданып, кандай гана музыкалык сынактар болбосун катышып жүрдүм. «Түрквизион» сынагына катышууга жолдомо алып, ал сынактын талабына ылайык ырды бир түндө сөзү, обону менен кошо даяр кылгам. Ал чыгармам «Кыялдануу» деп аталат.

-Анда ырлардын сөзүн, обонун жазып калчу дагы талантың бар турбайбы, ээ?
-Ооба, менде илхом пайда болгондо биринчи ырдын сөздөрү оюма келет. Анан дароо ошол ырга ылайык музыка жаза салам.

-Байкең шоу-бизнесте орду бар адам эмеспи, сенин жылдыз болушуңа жардам береби?
-Самат байкем менин шоу дүйнөдөн алыс эле болгонумду каалайт. Анын үстүнө мен бой жеткенден тартып эле өзүмдү-өзүм багып келем. Анткени ата-энеме, бир туугандарыма жүк арткым келбейт.

-Бир туугандарың жөнүндө кеп козголуп калды. Үйдө канча бир туугансыңар, сен ата-энеңдин көкүрөк күчүгү болсоң керек?
-Үйдө төрт бир туугандын эң кичүүсүмүн. Самат байкемден тышкары дагы бир байкем анан эжем бар. 1994-жылы Токмок шаарында төрөлгөм. Балалыгым дагы дээрлик ошол шаарда өттү.

-Учурда эмне менен алексиң? Окуйсуңбу же иштейсиңби?
-Негизи, «Ататүрк-Алатоо» университетинин Менеджмент факультетинин Бизнести башкаруу бөлүмүн бүтүргөм. Азыр кесибим боюнча иштебесем дагы ошонун бир жагын алып кетип жатам десем болот. Башкача айтканда, СММ-менеджермин. Бул тармак боюнча көп жерде — курулуш тармагында, балдар бакчасында, мектепте, медициналык борборлордо иштедим.

-А бул кесип менен эмне жумуш аткарасың?
-Бул азыркы жаш муундун кесиби десем жаңылышпайм. Азыр социалдык тармактар күч алып жаткан заман эмеспи. СММ-менеджердин кызматы – бул кандай гана чөйрө болбосун аларды, алардын чыгарган продукцияларын социалдык тармактар аркылуу жарнамалоо, кардарларды өздөрүнө тартуу болуп эсептелинет.

-Эми ушуну менен сени келечекте шоу-бизнестин туруктуу өкүлү катары сахнадан көрө алабызбы?
-Чынын айтканда, бул чөйрөгө баш-отум менен киргим келбейт. Анткени башында айтып кетпедимби. Аябай аракет кылгам ушул тармакта өз ордумду тапканга. Бирок чыгармачыл чөйрөгө аралашуу үчүн ошончолук дем-күч керек экен. Мен жаңыдан аралашканда эле бул тармактын кыз кишиге кыйыныраак болуп каларын түшүнүп, алыс эле болууну чечкем.

-Анда азыр сенин ырдап чыгып жатканыңды кандай түшүнсөк болот?
-Мен ырдай берем. Ырларды жаздыра берем. Бирок интернет чөйрөсүндө гана өз ордумду таап, өзүмдүн күйөрмандарымды тапканым эле чоң жеңиш. Мисалы, бир убакта абдан популярдуу болуп турган Раллия аттуу ырчы кыз, Абир Касенов сыяктуу ырчылар элге аябай таанымал болбосо дагы, өзүнүн гана аудиториясы бар ырчылар. Азыр көп ырдабай калышса дагы, кайсы бир ырлары күйөрмандарынын жүрөгүндө дале сакталып калган. Мен дагы дал ошол ырчылардай болгум келет.

-Самат Дөөлөтбаков менен дуэт ырдаган соң эл оозуна алынып кеттиң?
-Чогуу ырдоо сунушун мындан беш жыл мурун Самат байкем киргизген. Бирок ал ошол бойдон унутулуп калган болчу. Азыр өзүмдүн жеке Youtube каналымды активдүү алып барып жатканыма байланыштуу мага кененирээк контент керек болуп Самат байкеме чалып: «Баягы сунушуңузду эми ишке ашыралы, келиңиз, чогуу ыр жаздыралы»,- дедим. Байкем дароо эле макул болуп, орусиялык «Непара» тобунун «Они знакомы давно» аттуу ырын биргеликте аткарып калдык.

-Интернеттеги катталуучуларың жалаң жакшы пикирлерин калтырышканын байкадык. А сын пикир уга алдыңбы?

-Мен бир нерсени жүрөгүмө бат кабыл алам. Ошондуктан ырды интернет баракчама жүктөгөндө аябай чочуладым, «эми эл кандай ой айтышат болду экен, жаман сөз жазып коюшса кантем?» деп. Бирок мени сүйүнткөнү, баары тең жакшы гана пикирлерин калтырышыптыр.

-Сени көпчүлүк жеңең Айида Дөөлөтбаковага окшоштуруп жүрүшөт. Мүнөзүңөрдө дагы окшоштуктар барбы?
-Ооба, экөөбүздү окшошсуңар деп көптөр айтышат. Чынында эле боёнгонубуз, бет түзүлүшүбүз окшошуп кетет. Бирок мүнөзүбүз экөөбүздүкү асман менен жердей эки башка. Ал шайыр-шатман жүргөн айым болсо, менин мүнөзүм токтоо.

-Экөөңөрдүн мамилеңер кандай?
-Мен Самат байкемден он жаш кичүүмүн. Ошондуктан байкемди кандай сыйласам, жеңемди дагы ошондой сыйлайм.

-Ушундай акылдуу, татынакай, таланттуу кыздын жүрөгүн багындырам деген жигиттер көп болсо керек…
-Турмушта ар кандай кырдаалдар болот экен. Мен мындан эки жыл мурун турмуш куруп, өкүнүчтүүсү, кайра жолдошум экөөбүз эки башка жолду тандап кеткенбиз. Кайын журтум эң сонун адамдар, аларды абдан сыйлайм. Бирок жолдошуң менен тил табышпасаң алар менен сый болгонуң деле мааниге ээ болбой калат экен. Анын үстүнө жашыраак турмуш куруп алган окшойм деп ойлоп кетем, 21 жашта эле болчумун. Ойлосом жарым жылдай эле сүйлөшүптүрбүз. Мунун баары, бир чети, мен үчүн чоң сабак болсо, экинчиден турмуштук сыноо болду деп түшүнөм. Учурда мени ар тараптан колдогон мырзам бар, Кудайга шүгүр.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу