Перизат Бакытова NewTV телеканалынын кабарчысы: «Бизге эффективдүү башкара билген менеджер саясатчылар керек…»

Перизат, теледе жүргөнүңө канча болду?

— Мен тележурналист жана кабарчымын. Журналистгик кесибимде атайын репортаждарды, күнүмдүк жаңылыктарды дайындайм. Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факкультетин аяктагам. 9з кесибимди, айрыкча телевидениени жактырам. Бул тармакта иштеп баштаганыма төрт жылга аяк басты. Бирок, көп нерсени үйрөнүүгө жетишкениме ыраазымын.

— Кесибиңде кандай адамдар менен баарлашуу, кандай темаларды козгоо кызыктуу?

— Мен негизинен саясатка, экономикага жана айрым учурларда социалдык темаларга да кайрылып калам. Көпчүлүк убакта маек курган адамдарым саясатчыңар, депутаттар, бийликтеги биринчи жүздөр жана эксперттер. Айрыкча бүгүнкү коом кызыккан, учурдун актуалдуу темаларын ачып берүү кызыктырат. Бийлик тарабынан көмүскө болуп, бирок эл кызыгып жаткан темаларды, чындыкты ачып берүү жагат. Азыркы учурда маалымат согушу жүрүп турат. Кичинекей Кыргызстаныбызда да бир маалыматты ар башкача чагылдырышат. Ошондуктан эркин массалык маалымат каражаттары азыр мен эмгектенип жаткан NewTV телеканалы сыяктуу маалыматты калыс чагылдырып берүүлөрү зарыл деп түшүнөм. Калыс жана накта чындыкты чагылдыруу биздин телеканалдын саясаты экенин баса белгилеп айткым келет.

— Кесибиңе байланыштуу кандай кызыктуу окуяларды баштан кечирдиң?

— Ар бир таңда биздин съемкалык топ түрдүү темаларды чагылдырууга тапшырма алып, туш тарапка жөнөйбүз. Съемка учурунда сөз жок ар кандай тоскоолдуктарга учурабай койбойсуң. Кээде техникага байланыштуу болсо, айрым учурда аба ырайы бузулат, дагы башка себептер болот. Журналисттер, биз аскер адамдарындай элебиз, баарына даяр болушубуз керек. Эгер жетекчилик түндө телефон чалып, «эртең Баткенге жөнө» десе, ошол жакка сапарга чыкмай. Биздин кесипте зеригүүгө таптакыр убакыт жок.

— Журналист катары кайсы көйгөйлөр жүрөгүңдү оорутат?

— Айрыкча акыркы убактардагы коомдук-саясый абалыбыз тынчсыздандырат. Балким, теледе дайыма ушул тармакты чагылдырган үчүн болсо керек. Маалымат айдыңында саясый акыбалга байланыштуу жагымсыз маалыматтар дайыма кеп кездешет. «Биз кайда бара жатабыз? Эртеңибизди кандай күндөр күтүп турат? Келечегибиз эмне болот?» деген кудук ойлор, санаалар кыйнабай койбойт. Кайрадан үмүт пайда болот. «Биз кыргызбыз, баарын жеңип чыгабыз. Алдыда жаркыраган келечек күтүп турат» деген үмүттөр жылт этет.

— Бүгүнкү саясатчыларга көз карашың кандай?Баалаган саясатчыларың кимдер?

— Саясатчыларга ишеним азайды. Татыктуу саясатчылар бар деңизчи, бирок алар саналуу гана. Биз мышык сыяктанган саясатчылардан тажадык. Биздин өлкөгө, элге өлкөнү эффективдүү башкара билген менеджер саясатчылар керек. Кооз сөздөрдөн тажап бүттүк, ишинин жыйынтыгы тез арада көрүнгөн жаңычыл саясатчыларга муктажбыз.

— Жеке жашооң, максаттарың тууралуу да токтоло кетсең?

— Качан үй-бүлөлүү, балалуу болуп түтүн булатмайынча, жеке турмушумду жайып айтканды деле жактыра бербейм. Максаттарым абдан чоң. Алар өзүмдү өнүктүрүүгө да байланыштуу. Акыркы учурларда ишкерлик тууралуу да кеп ойлонуп, ар кандай варианттарын да карап жатам. Буюрса, койгон максатта- рымдын баарын ишке ашырам деген тилектерим бар.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

БУЛАК: Азиянюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу