Перизат,Нурэлдин эжеси: «Нурэлдин дарты бара-бара жүрөктүн токтоосуна алып барат экен…»

Тагдыр пенделерди жаш-кары дебей сындаганын койбойт тура. Дегеним, Нурэл атуу мекендешибиз болгону 9 жашта. Нурэл жаштайынан тагдырдын сыноосуна кабылып, баса албай коляскада отурган чагы. Эжеси Асанакун кызы Перизат менен баарлаштык.

— Перизат, Нурэлдин дарты тууралуу айтсаңыз… Бул дартка качан чалдыккан?

— Иним 5 жашка чейин жакшынакай эле жүргөн. 2018-жылдын жаз айларында кадимкидей басып бара жатып жыгылып ке- тип эле буту ооруп баштады. Бара- бара буттары кыймылга келбей калды. Анысы аз келгенсип күн санап колдору, денелери алсыз болуп, кыймылдабай баштады. Айыктырабыз деп алып барбаган, көрсөтпөгөн жерибиз калган жок.

— Эмне деген оору экен?

— Дистрофия «Дюшен» деген диагноз коюшту. Дистрофия «Дюшен» оорусуна кабылган баланын акырындык менен буттары, колдору, денелери, мээси, кан айлануусу начарлап, акырында жүрөгү токтойт экен. Бул дартка азырынча дүйнө жүзүндө вакцина табыла элек экен.

— Демек дарыгерлер үмүт бере албайт экен да?

— Жок, бир үмүт бар, Индия мамлекетинде бул ооруга жардам бере турган дарыгер табылды. Акыркы үмүтүбүз ошол болуп жатат. Бирок ал жакка алып барып көрсөткөнгө чоң суммадагы каражат керек экен.

— Кайрымдуулук фонддоруна кайрылып жатасыздарбы? Кимдер жардамга кол сунууда?

— Эч жакка кайрылып көргөн жокпуз. Болгону социалдык тармактар аркылуу кайрымдуу жарандарга чакырык таштадык. Кайрымдуулук концерттерин өткөрүүнү пландап жатабыз. Өзүбүздүн каражатыбыз жетпейт. Себеби жөнөкөй эле үй- бүлөбүз. Атам куруучу, апам үй кожойкеси. 5 бир тууганбыз.

— Мамлекет тарабынан жөлөк пул албайсыздарбы?

— Нурэлге ай сайын 3000 сом алабыз. Башка эч кандай жөлөк пул албайбыз. Атамдын тапкан каражаты 5 баласынын ичкен- жегенинен эле артпайт. Нурэлдин акчасы анын дары дармегине да жетпей калат.

— Нурэл билим ала албай калдыбы же үйдөн окуйбу?

— Мектепке бир жыл барган. Баса албай калгандан бери окууга барбай калды. Үйдөн 6 ай атайын билим алды. Чынын айтсак, оболу инимдин дарттан айыктырып алсак деп эле жан үрөп жүрүп билимине көңүл бура албай калдык.

— Борбордо батирде тура- сыздарбы же өзүңуздөрдүн үйдөбү?

— Кудайга шүгүр, өзүбүздүн үйүбүздө, Калыс-Ордо кону- шунда турабыз. Батирде турсак мындан да кыйналмак экенбиз. Негизи Нарын областына ка- раштуу Нарын районунун Он- Арча айылынан болобуз. Бир туугандарыбыз, жакындарыбыз жардам берип жатышат. Бирок ал каражат Индия мамлекетине барып дарыланууга жетпей жатат. Андыктан кайрымдуу мекендештерибизден ыйык орозо айында жардам сурайбыз.

Элсом: 0771218225 Тел: +996703511150 (атасы Токтогазиев Доолотбек)

Маектешкен: Нуркыз РЫСКУЛ кызы

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу