Парламенттин вице-спикери Мадумаровго жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин дарегине сын айткандарга жооп кайтарды. Ал кийинки убакта Жогорку Кеңештин депутаттарын “биржа”, “базарком” деп атап, сындаган айрым саясатчылардын сөзү жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирип жатканын белгиледи.

Бакировдун айтымында, V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Баш мыйзамдын негизинде жаңы эрежелер боюнча шайланды.

“Гендердик баланс, жаштар, улуттук азчылык өкүлдөрү, ар кыл тармактагы кесиптин ээлери парламентте отурат. Бирөөгө жагабы же жакпайбы, биометрикалык маалымат, жаңы технология киргизилген шайлоонун негизинде келген. “Биржа, базаркомдор отурат» деген сөз жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирип жатат. Эгерде конкреттүү саясатчынын кайсы бир депутатка маселеси болсо — анын аты-жөнүн так айтсын”, — деди Бакиров.

Ошондуктан вице-спикер мурдагы чакырылыштагы парламентте депутат болгон айрым саясатчыларды Жогорку Кеңеште сындоодо тизгинди тартууга чакырды.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана саясатчы Азимбек Бекназаров парламенттин чабалдыгын сынга алып, “биржага айланып калды” деп баа беришкен.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу