Оюндан от чыгып кетпейби?

Шайлоо компаниясы апогейине жетти өңдөнөт. Бираз мурда  негизги талапкердин бири Бабановдун Ош шаарындагы “Он-адыр” аймагындагы эл менен жолугушуусу, анын күчтүү тарапкерлеринин бири Канат Исаевдин өтө олуттуу күнөө коюулуп камакка алынышы коомдо катуу резонанс жаратып жатат. Айрым бир коомдук ишмерлер Бабановго каршы ыплас оюндар жүрүп жатат деп ойлорун билдирип жиберишти. Кээ бирлери тескерисинче Бабановго каршы ойлорун билдирип жатышат. Бабанов да жөн жаткан жок, анын менчик телеканалы “НТС” админстративдик ресурс колдонулуп жатат деген ойлору тынбай берүүдө. Мындай тирешүү эмнеге алып келет? Өлкөдө кырдаал курчуп кетпейби? Эң эле коркунучтуусу, ушундай тирешүүдө криминалдык топтор баш көтөрүп коомчулукту чайпалтып жибербейби деген кооптонуу пайда болууда. Эмне кылуу керек? Президент Коопсуздук кеңешин чукул чакырды. Анда Атамбаев ар кандай кырдаалды курчутчулардын жолун бекем бууп, чагымчылар мыйзам алдында аёсуз жасалансын деп тапшырма берди. Бийлик оппоненттери эмне дешээр экен?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу