Ош: Элди алдап күбөлүк жыйнагандарга каршы иш козголду

Элди алдап күбөлүк жыйнагандарга «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кабарлады. Белгисиз адамдар «Союз маалында төрөлгөндөргө акчалай компенсация берилет» деп, СССР убагында туулган жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсүн топтоп алышкан. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин уюштуруучуларына каршы төрт жарандан арыз түшүп, тергөө амалдары башталды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы компенсация тууралуу маалымат чындыкка туура келбей тургандыгын эскертти.

Мындай төлөмдөр боюнча мамлекеттик мекеме-уюмдар гана иш алып барып, бул тууралуу расмий түрдө жарандарга маалымат берилет. Учурда Ош шаардык социалдык коргоо мекемелери мындай маалыматты тастыкташкан жок.

Бүгүнкү күндѳ жалган маалыматтарды таратып жаткан адамдардын кимдер экендиги аныкталган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу