Көз жумгандар бир унаадагы жүргүнчүлөр болгон.
Ош — Бишкек унаа жолунда Mercedes-Benz G-класс үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Wish кагышып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
«Аталган жолдун 185-чакырымында болгон кырсыктын жыйынтыгында Toyota унаасындагы 46 жаштагы аял ооруканадан, 43 жаштагы эркек жолдон каза болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Кырсык болгон жер Жайыл районуна караштуу.
Булак: Sputnik.kg