Ошто күзөт башкармалыгынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине 304 (“Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 166 (“Алдамчылык”) беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган башкармалыктын жетекчилери кызматкерлерди дайындоо, калыбына келтирүү жана аларга турак-жайды кайтарымсыз түрдө берүү аркылуу 1 млн. 385 миң сомду мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Бул каражаттар Ош шаарынын Батыш күзөт бөлүмүнүн кызматкерлерине тиешелүү болгон. Мунe менен аталган жетекчилер арыз менен кайрылган милиция кызматкерлерине ири суммада зыян келтиришкени такталды.

Ишти Ош шаарынын прокуратурасы козгогон. Иликтөө тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу