Оштогу Атамбаевдин ишинин изи

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Оштогу ишкер Жалил Атамбаевге тиешеси бар деп саналган ишканалардын салыктарын териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.

Анда ишкерге тиешеси бар деген ишканалар 40 миллион сом салыкты жашырганы, ага көмөктөшкөн киши катары Финансы полициясынын бир кызматкери камакка алынганы белгиленген.

Финансы полициясы мындай текшерүүнү «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан качкан ишкерлер» аттуу иликтөөсү чыккандан кийин баштаган. Мындай бүтүмгө аты аталган ишкер жана анын тарапкерлери пикирин билдире элек.

Кыйгап өткөн миллиондун изи жана камалган салыкчы

Финансы полициясы тараткан расмий маалыматта «териштирүүдө А.Д. ишканасы 28 миллион сом, О.О. ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды» деп белгиленген. Мекеме тараткан маалыматта ошондой эле соттун токтому менен Жалил Атамбаевге таандык деген ишканалардын кеңселерине тинтүү жүргүзүлгөндө «Б» аттуу ишканадан Мамлекеттик салык кызматынын иштетилбеген пломбасы табылганы айтылган.

«Бул пломба ири өлчөмдөгү күйүүчү май куюучу идиштин оозуна коюлуп, пломба салык кызматкеринин катышуусунда гана ачылууга тийиш. Мындай пломбалар атайын жооптуу салык кызматкеринин гана колунда болуп, үчүнчү бир адамга берилишине тыюу салынган» деп айтылат маалыматта.

Ошол эле ишканадан Ош шаардык салык башкармалыгынын мөөрү басылган күйүүчү май ташуу багытындагы толтурулбаган бош кагаздар менен кошо нефтебазага келип түшкөн күйүүчү майдын көлөмү жазылуучу каттоо китеби да алынган. Муну Финансы полициясы «Ош шаардык салык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалына пайдаланып, «Б» ишканасынын жана өздөрүнү пайдасы үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштешкен» деп баалаган. Анын негизинде шаардык салык башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 2-июлда киргизилген.

Финансы полициясы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык башка ишканалар боюнча да тиешелүү иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.

Иллюстрациялык сүрөт. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалил Атамбаев жана анын жакындары бул Финполиция жарыялаган бул маалыматка карата азырынча ачык позициясын билдире элек.

Финпол сөз болуп жаткан ишкердин аракеттеринин мыйзамдуулугун териштирүүнү «Азаттыктын» быйыл 17-апрелде обого чыккан иликтөөсүнөн кийин баштаган. Берүүнүн автору Ыдырыс Исаков «бул кишиге байланышы бар дагы ондон ашык субьект тууралуу али эч нерсе айтыла элек. Финпол аларды дагы иликтейт деп үмүттөнүп турам. Анткени Кыргызстан жыл сайын 40 миллиард сомду уурдатып келатат» деген пикирин айтты.

«Аягына чыгарына ишенбейм»

Иликтөөдө ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына тиешелүү деп эсептелген ишканалардан миллиондогон сом салыктар жашырылып жатканы айтылган. Алардын ичинде ППА, «Ормош-Ойл», «Жаңы доор», «Токбай курулуш», «ЖБК строй», «Беш-Арча», «Агро доор» жана «Айтук строй» фирмаларынын аттары аталган. Иликтөөдө өнөктөш катары чогуу иш баштап, аягында тиешелүү акчасын кайтара албай Атамбаевге алданганын айткан жарандар тууралуу да сөз болгон.

Алардын бири, Оштогу жергиликтүү ишкер Мирлан Маматов 2010-жылы Жалил Атамбаев менен чогуу курулуш тармагында иш баштаган 0,5 млн. доллар чамалуу акчасын эмдигиче ала албай жүрөт. Мирлан Маматов «Жалил Атамбаевдин иши боюнча Финпол текшерүү жүргүзүп, салык кызматкери кармалды» деген маалыматка анча деле кубанбаганын «Азаттыкка» билдирди:

«Бул маалыматты окудум, өзүмө да балдар айтышты. Бирок кубанган жокмун. Анткени ушуну менен эле Атамбаевдин иштери иликтенип, калыстык болуп кетерине ишенбейм. Себеби «Азаттыктын» көрсөтүүсү эфирге чыккандан кийин же Атамбаев өзү чалып койгон жок. Андан кийин «Финпол териштирүү баштады» дешти, ошондо деле мага бир тергөөчү же башкасы чалып: «Сиз ушинтип Жалил Атамбаевдин үстүнөн арызданган экенсиз, кандай дооматыңыз бар ага?» деп бир чалып сурап койгон жок».

«Азаттык» иликтөөлөрүндө ишкер Жалил Атамбаевдин мамлекеттик бюджетке миллиондогон сом салыктарын төлөбөй, жашырып жүргөнү тууралуу айтып чыккан. Ал маалыматтардын баары Мамлекеттик салык кызматынын расмий порталынан алынган. Ишкер ири суммадагы салыкты төлөбөй жүргөнү тууралуу ачык эле маалым болсо да, тиешелүү кызматтар ага кызыгып, текшеришкен эмес.

Муну белгилеген жергиликтүү эксперт Эркин Абдразаков азыр эми килейген бир тармактын бир бөлүм башчысын күнөөлүү кылып, камап койгону Жалил Атамбаевдин иши боюнча териштирүү аягына чыгарына күмөндү күчөттү деген пикирин айтты:

Эркин Абдразаков.

«Ошто шаардын ичинде Жалил Атамбаев канчалык деңгээлде бийлигин орнотуп алганы ошол көрсөтүүнү даярдап аткан учурда эле белгилүү болгон. Анткени анын төлөбөгөн салыгы тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтында ачык турса да, Оштогу салыкчылар эч нерсе билбеген болуп четке чыга беришкен. Шаарда саналуу гана ири салык төлөөчү болсо, алардын канчасы төгүп, канчасы жашырып жатканы ачык эле да. Эми азыр бийлик талаш, кийинки шайлоого даярдык жана башка деп, элдин көңүлүн дагы башка жакка буруп, Атамбаевдин ишиндей резонанстуу иштерди арткы планга калтыруу аракети жүрүп жатат. Бул иште толугу менен мэрия жана шаардык салык башкармалыгынын күнөөсү чоң. Ушундай чоң империяны түзүп, болбогон бир сумманы төлөп койгон ишкерди ким жаап-жашырып, корголоп атат? Ушул суроого жооп берилиши керек».

Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22-апрелде катталып, анын негизинде иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшериле баштаганын Финансы полициясы убагында кабарлаган.

БУЛАК: azattyk

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу