Ошондо Таттыбүбү, «мени бул жерден тезирээк алып кет», — деп ыйлабадыбы

Таттыбүбү 1944-жылы 12-июлда Жумгал районуна караштуу Чаек айылында төрөлгөн. 4 эркектин арасында чоңойгонунан уламбы же жаратылыш тартуулаган мүнөзүбү, айтор өтө шайыр, гүлмүңдөгөн тегерек көз, тармал чачтуу, эркек мүнөз кыз эле. Бир туугандарынын ичинен мага өтө жакын болчу.

Таттыкемдин улуу таланты, сулуулугу жөнүндө сөз кылсак деги эле түгөнгүс. Эң өкүнүчтүүсү аз жашады бирок, саз жашады. Атак-даңкка эрте жетилип, 16 жаш курагында элге таанылган.

— Учурунда Таттыбүбү эжеге бут тосуп, көралбастыктар болгон деп айтышат, чындыгын сизден уксак?

— Сулуулуктун да, таланттын да душманы болот тура. Көралбастыктан, ичи тарлыктан ар кандай сөздөрдү чыгарышып, «жараксыз актриса» деп театрдан чыгаруунун айласын да кылышты. Керек болсо, бирге иштеген актрисалардын ур-токмогуна, адамды ирээнжиткен сөздөрүнө да кабылган. Баарына чыдап, мага сыр билдирбей жүргөнүн кийин билип жүрөм. Театрда Бакен эже ар дайым Таттыкемдин таламын талашып, аткарган ролунан, кийген кийимине чейин жеке жашоосуна да аралашып, акыл насаатын айтып, тегерегиндеги ичи тар адамдардан аябай коргочу. Качан барбайын үйүндө Б.Шалтаев, Ж.Сейдакматова, С.Далбаев, М.Далбаевалар болор эле, кесиптештери менен көңүл ачып отурган тура деп ойлоор элем. Бирок, булардын максаты Таттыкемди башка жолго салуунун бир амалы болуп калгандай. Учурунда Таттыкенин ичинде кымындай эле арамдыгы болгондо өлбөйт эле, кыргыздын намысыма жаралганы менен, өзүнүн сулуулугу өз шоруна айланды. Далайлар моралдык жактан да абдан кемсинтишип, жан дүйнөсүн жабыркатып, керек болсо зор талантын, улуу тагдырын талкалашкан.

Эмне үчүн «Уркуяны» Уркуя кылып аткарган актриса унутта калат да, аны тарткан режиссер, операторлор Токтогул сыйлыгына ээ болушат?

«Ак Мөөр» тасмасы тартылгандан кийин Ленин комсомолу сыйлыгы берилет деп туруп, бул да берилбей калды. «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин ролун ойногонго даярдап жатышып, бул ролду да берген жок.

— Кечиресиз, актрисанын жолдошу Имаш Эшимбеков кандай адам эле?

— Имаш мыкты актер эле. Ал эми жеке турмушунда кызыл камчы эле, жер жамандап барбасын. Таттыкемди уруп-согуп, бетин көгала кылып койгон учурлары болгон. Мына ушундан улам 10 жыл бою жумуштан кийин үйүнө жеткирип жүрдүм. Акыры ажыраштырууга туура келди.

— Актрисанын сырдуу өлүмү жөнүндө эл арасында али күнгө чейин ар кандай сөздөр айтылып жүрөт, сиз эмне демекчисиз?

— Бул заказное убийство. Апамдын көзү өткөндөн кийин, Таттыкем апамды жоктоп, аябай чүнчүп кетти. Бала үчүн эне табылгыс байлык тура. Ошондон улам, эс алсын деп курортологияга жаткыргам. Ошол кездеги профсоюздар уюмунун төрайымы Ж.Сейдакматова эле. Мени командировкага жиберишип, Таттыкемди психооруканага которуп жиберишет. Мен командировакадан келип эле курортологияга келсем, Таттыкем палатасында жок болуп чыкты. Сураштырып жатып психооруканага түшкөнүн билдим. Ооруканага келсем, «карантин»-деп мени киргизбей койду. Терезе аркылуу сүйлөштүк. Ошондо Таттыкем «мени бул жерден тезирээк чыгарып кет»,-деп ыйлады. Кандай болуп келгенин сурасам, түн ичинде зордоп, машинага салып келгенин айтты. Ооруканадан чыгып жумушка кайрылып, жүрөгүм бир нерсени сезгендей шашыла үйгө келсем, үйдүн ичи толо артисттер. «Таттыбүбүдөн ажырадык»-деп эле ызы-чуу түшүп калышты. Кантип ажырадык? 1 саат мурда эле көрбөдүм беле…? Мына, бул жерде да чоң сыр бар!?

«Карантин»-деп мени киргизбей койгондон кийин Таттыкемдин курдаштары барат, жакшынакай эле сүйлөшүшүп, палатасында бир топко отурушат. «Сиздер чыгыңыздар, биз кан куябыз»-деп чыгарып жиберишет. Медайым колуна капельница коюп палатадан чыгып кетип, ошол бойдон келбей коет. Капельницадагы дары суюктук куюлуп бүтүп, вена аркылуу аба кирип мээсине жетет. Таттыкемдин жаны кыйналып, чабалактап жатканда палатадагы оорулуу аял ойгонуп, врачка чуркап кеткен учурда Таттыкем үзүлүп жатпайбы.

— Бул иштин ак-карасын териштирдиңизби?

— Жок, өлгөндө жайын жана башкаларын даярдап жүрүп убакыт болгон жок, анын үстүнө капельница койгон медайымды өлтүрүп кетишкен. Себеби, эртеби-кечпи бул айтып коет деп ойлошкон. Мына ушинтип, Таттыкемди 37 жаш курагында түбөлүк жайга узаттык. Бирок, бул «умышленный» өлүм акыры билинет.

— Карындашыңыздын кыргызга бир келген сулуу экенин учурунда сездиңиз беле?

— Мен бир тууганы катары жанында жүрүп, сулуулугун сезбептирмин. Кашайып көргө койоордо сезип жатпайынбы, каралдымды. Көмөөрдө көрүстөндү тегеректеп, митинг жасап, бетин ачып койдук. Ошондо Таттыкемдин жүзүнөн нур даарып, кирпиктери төгүлүп, азыр көзүн ачып ийчүдөй күлмүңдөгөн жүзү менен табытта суналып жатканын көрүп, өлгөнү бир арман болсо, сулуулугу бир арман болуп атпайбы.

— Эженин жайы кайсы көрүстөндөн орун алды?

— Мен сөөгүн тулуп-өскөн кичи мекени Жумгалга алып барайын десем, ошол кездеги министр Нусупова эже чогулуш жасап, «Нуркан, Таттыбүбү сенин карындашың болсо, бүтүндөй кыргыз элинин кызы, сөөгүн Фрунзеге эле коебуз, бүтүндөй милдетин өзүбүз алабыз»-дегенинен макул болгом. Бирок, эки метр жерди да Таттыкемдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн эмес, тээтиги Орок деген айылдын четиндеги көрүстөндөн орун алды. Тирүүсүндө барктай албасак, өлгөндө даңктап койсок болот эле да. Союз тарады, министрликтер алмашты, ошону менен Таттыкемдин эстелигин ойлогон киши болбоду. Таттыкем жөнүндө эч ким, эч нерсе билбейт, эч нерсе айтыла элек. Улуу таланттын легендага айланып кеткен тагдыры болуп, кылымдан-кылымга кала берет, аттиңдики…

— Кызы Аселден эженин сулуулугундай сулуулукту көрө алдыңызбы?

— Асель апасындай сулуу болбосо да, жүзүнөн Таттыкемдин көп жактарын көрөм. Д.Садырбаевдин «Махабат дастаны» киносунда тартылды, ошондо ачылыш аземине мени да чакырышты, мен фильминин аягына чейин чыдап отуралбай, ыйлаган бойдон чыгып кеттим. Таттыкем 16 жаш курагында элге таанылган, Асель да 16 жаш курагында киного тартылды. Аселдин да өзүнчө ажайып сулуулугу бар, театрда жүрсө Таттыбүбүнүн кызы дедиртип элимдин эсинде үлгү катары жүрбөйт беле!

— Жакында эженин 65 жылдыгын өткөрөм деп жүрүпсүз, даярдыктарыңыз кандай?

— Буйруса, эстелигин тургузсак, андан кийин ачылыш аземин өткөрөбүз. Көптөгөн конкурстарды, кино фестивалдарды уюштурабыз. Таттыбүбү атындагы коомдук фонд бар сиздер, «Назар» гезити менен, бирге иштешип көп нерселерди жасаганы турабыз. Буйруса баарына күбө болосуздар.

Булак: kmb3.hostenko.com 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу