Ошондой чыйырды Раимге окшогон шылуундар салып бергени да жалганбы?

Кызык. Биздин бийликте калыстык деген жашабай калды. Маселен, Туйгуналы Абдраимовду болбогон кылыгы үчүн беш күндө тынчытып салышты. Мейли, кыял жоругунда мандем бар экен, бирок мындай “тиштүү” кадрлар талаада жатпаганынан ири областка губернатор кылып дайындашканына көп убакыт боло элек болчу да? Чамасы аны пайлап жүрүшкөн окшобойбу, бир күнү оң жамбашка түшөсүң деп. Тилектери орундалып, ал өзү эле “аңга” түшүп бербедиби, тилин чайнап атып.

Ал эми падышаларды чабыштырып, акчаларды кабыштырып кармаган, байлык топтоодон такыр артта калбаган, каршылаштарын “устукан” менен жайлаган, мансапкорлорду оңой эле байлаган, пайдалуу кишилерди гана жандаган Раим Матраимовдун үстүнө төгүлгөн жугундуну неге бийликтин лөктөрү көргүсү келбейт? Токочтуу бала сүйгүнчүктүү экенинен улам бүткүл өлкөнүн ичинде саясаттын казаны боркулдап кайнап жатпайбы. Теңчилик болбогон мамлекетте ошол үчүн күрү-гүү добуштар арбып, тирешкендер бири-бирин жанчып, колу жеткендер бетинен апчып, эпчилдер ырыскынын каймагын калпып жашап калышканы ачуу чындык эмеспи? Ошондой чыйырды Раимге окшогон шылуундар салып бергени да жалганбы? Кесепеттүү мындай чабылган жолдун түбүнө кантип жетебиз деген суроо азыр аң-сезимдүү, мекенчил адамдардын сай-сөөгүн сыздатып жатканы ырас. Бир муштумга түйдүргөн, көпөстрдү күйдүргөн,
жалпы журтту сүйдүргөн улуттук лидерге карапайым калк зар болуп турат. Деги андай-адилет орногон күнгө качан туш келер экенбиз…

Булак:Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу