ОшМУ Исаковдун жеке менчигиби?

Экинчи борборубуз болгон Ош шаарында бир топ Жогорку окуу жайлар бар. Алардын катарында же туу башында десек да болот, Ош мамлекеттик университетин бир топ убакыттан бери Каныбек Исаков жетектеп келет.

Албетте, Каныбек мырза тажрыйбалуу жетекчи. Иштин көзүн билген адам. Бирок, кызмат, мансап деген адамды бузат экен. Дегеним, Каныбек Абдуваситович көп жыл ректор болуп олтуруп калганына манчыркап калганбы, айтор, кол алдындагыларга бирдей мамиле кылбай «биздин команда», «башка команда» деп бөлүп, эки башка мамиле кылганы аз келгенсип, каршы чыккандарды иштен кетирем деп айласын кетирип атыптыр. Уят да.

Эскинин саркындылары азыр 21-кылым экенин, коомдун аң-сезим эбак өзгөрүлгөнүн деги качан түшүнөт болду экен. Миңдеген студенттерди уядан учуруп аткан ректордун бул трайбалисттик позициясы эртеңки муунга кандай үлгү берет? Мына ушул жагын жакшылап ойлонушса, жогору жактагылар…

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу