Отунбаева саясий айдыңга кимдер менен кайтып келет?..

Өлкөнү кыйын кезде башкарып, бир жарым жылдан кийин ордуна Атамбаевди колунан жетелеп келип олтургузуп, бийлигин толук ага өткөрүп берген, саясат айдыңын бошоткон экс-президент Роза Отунбаева кайрадан саясий майданды жандандырууда. Өзүнүн мураскери болгон Атамбаев бийликтен кеткени менен таасирин жоготпой, саясий айдыңды ээлеп олтурганына каршы болгон Отунбаева КСДП партиясына атаандаш боло турган күч түзүү зарылдыгын айтып, саясатчыларды бир саясий күчкө биригүүгө чакырык таштаган. Ошол идеясын ишке ашыруу үчүн азыртадан кам көрүп жатканын эшиттик.

Пикирлеш, санаалаш болуп жүргөн Азимбек Бекназаровго барып “Кийинки парламенттик шайлоодо баарыбыз биригип “Ата-Мекен” менен барсак кандай дейсиң?” деген сунушун айтыптыр. Бекназаров дагы оңой саясатчы эмес да, “Ата-Мекен” элге жек көрүндү болуп калды. Аны менен бара албайм” деген жообун узатыптыр.

Отунбаева “Андан кийин 2010-жылы түзүлгөн БЭК эмне болгон?” деп мурунку кыймылына кызыкса, Бекназаров “БЭКтин документтери менде турат. Сиз өзүңүз башында туруп БЭК менен чыгам десеңиз, берем. Каптагаев баштаган адамдар жетектей турган болсо бере албайм. Сиз БЭК менен президент болуп келгенсиз” деп айтыптыр.

Роза Отунбаева БЭКти баштап саясат майданына кирсе, Бакиевди кулаткан топ толугу менен колдойбу? Азыр Атамбаевдин саясатына каршы болуп жаткан оппозициячыл саясатчылар да БЭК менен биригеби? Эгер булардын башын БЭКке бириктирүүгө Отунбаеванын дарамети жетсе, анда өлкөдөгү партиялык-кландык саясатка катуу чабуул жасалмакчы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу