Отунбаева Мадумаровго караганда Куловду жакшы көрөт

Экс-президент Роза Отунбаева Атамбаевдин бийлигине оппозиция болуп турганы элге маалым. Ал эми Бабановго караганда Жээнбековдун шайланганын туура көргөнүн айткан болчу. Азырынча жаңы президентке сын деле айта элек. Ал эми Жээнбековдун бийлигине эң башкы оппозиция катары сөзүнөн башка берекеси жок Адахан Мадумаров кыйкырып чыгып жүрөт. Мадумаровду болсо Роза эжебиз эч эле жактырбайт экен. Себеби, Мадумаров Отунбаеваны “самазванка” деп президент кезинде сындап келбеди беле. Ошондон уламбы, же дагы башка былыктары үчүнбү, кыскасы Адаханга караганда Куловду адам катары жакшы көрөт дешет, бул маселени жакындан билгендер. Бирок Кулов деле иши бүткөн саясатчылардын бири. Аны жакшы көргөндөн, же мактагандан эч кимге эч кандай пайда жок. Бул жагын Отунбаева деле жакшы түшүнүп турат, болгону салыштырмалуу иретинде айтса керек…

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу