Отунбаева: Атамбаев ыгын таап Назарбаевге кайрылышы керек

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн президенттердин деңгээлиндеги сүйлөшүү жүрүшү керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылынын маалымат жыйынында сүйлөп жатып экс-президент Роза Отунбаева билдирди.
«Эң маанилүүсү, азыр президенттен кадам болушу керек. Президент билет бекен, сезет бекен өзүнөн кеткенин? Ал кеминде кечирим айтылбаса да кандайдыр бир ыгын таап казак президентине кайрылышы керек», — деди ал.

Отунбаева маселе өкмөттүк деңгээлде чечилбейт деген көз карашын кошумчалады.

8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап сүйлөгөн.

10-октябрда Кыргызстандан Казакстанга каттаган адамдар менен автоунаалар чек арадан өтө албай, тыгын, нааразылык пайда болгон. Муну казак тарап катардагы текшерүү операциясы деп атаган.

Кечээтен бери абал турукташа баштаганы айтылууда.

Президенттик аппарат чек арадагы абал боюнча комментарий бере элек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу