Осмонованы ыйлаткан Төрөбаевди кудай өзү таразалады окшойт

“Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өз жазасын алып жатат окшойт деп калдык. Убагында Айнура Осмонованы жөн жеринен каралап ыйлатып, жаманатты кылды эле. Болбосо ошол айымдын жардамы менен банктан кредит алып, бизнесин гүлдөткөн. Анан Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоодо дал ошол Осмонованын арты менен эң көп добуш алып туруп, кайра аны кимдир бирөөлөрдүн тилине кирип шыбап, жаманаттылап, телефонуна ар кандай сөздөр менен СМС жазып, аял кишини сыздатты эле. Ошондон бери иши оңолгон жок. Адам болгондон кийин жакшылыкты билип, арыдан бери болгон эле жакшы өзү. Негизи Бакыт өзү бирөөлөрдүн тилине көбүрөөк кирет окшойт. Болбосо командасына билимдүү, кадыр-барктуу адамдарды топтойт эле да.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу