Осмонбек Артыкбаев “жоголуп”, кайра табылды?

Эски бийликтин коррупцияга айыпталган чиновниктеринин катарын Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Энергетика министри, “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси, А. Атамбаевдин жакын досу жана олигарх  Осмонбек Артыкбаев толуктаган болчу.

Ага Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу дайынсыз жоголгон 386 млн доллар боюнча айып тагылып, тергөө аяктаганча УКМКнын изоляторуна камакка алынган. Ушул жуманын башында О.Артыкбаевдин ооругандыгын шылтоолоп эркиндикке чыгып, чет жакка качып кеткендиги тууралуу кабар маалымат каражаттарына чагылгандай тарап кетти.

Көп өтпөй адвокаты Айжан Орозакунова  Артыкбаев качпай эле Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда жаткандыгын, жүрөгүнөн операция жасатууга даярдалып аткандыгын билдирип, мындай деди: «Буга чейин айрым ЖМКлар депутат качып кетти деп жазып ийишти. Бул маалымат чындыкка коошпойт. Аны ушул тапта Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда операцияга даярдап жатышат. Дарыгерлер жүрөк жана дем алуу органдарына байланыштуу бир нече диагноз коюшту».

Анткен менен О. Артыкбаевдин ооруканада жаткан абалын көрсөтүшкөн жок. Ошондуктан “качып кетти” деген шектенүү дале бар. Кантсе да азыр баарыбыз Осмокенин эсен-аман операциядан чыгып, сакайып кетишин Кудайдан тилеп турабыз.

Анткени эң оболу аны үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору, баарынан да жакын досу А.Атамбаев күтүп турат. Андан соң эл акыркы алты жылда миллионерден миллиардерге айланган бул адамдын жеген-ичкендерин мамлекетке кайтарып, Бишкектин четиндеги күндө бир миллион сом киреше түшүрүп турган, маңзаттан кем эмес киреше булагы болгон “Неман” дарыканаларынын соодасынан салык төлөп, бюджетке салым кошот го деген үмүт бар.

Булак: elnews.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу