Орусияга поезд каттамдары эмнеге кымбат?

Мындан 10-12 жыл мурда  Орусияга поезд каттамдары азыркыга салыштырмалуу 2-3 эсе арзан болгон. Жарандарыбыз поездге түшүп алып, кенен-чонон жүктөрү менен 3-4 күндө жетип калышаар эле.Тилекке каршы жыл санап поездге болгон  баалар өсүп отуруп бүгүнкү күндө Бишкек-Москва багыты 11 миң сомдон 15 миң сомго чейин көтөрүлдү.  Бул албетте абдан эле кымбат. Мурда поездин каттамы плацкартка 4500сом ал эми купеге 8000сомден ашчу эмес.

Азыр болсо экөөнүн тең  баалары бирдей, болжол менен 10-15миң сомго жетет.  Кээде гана акция жасашып,  авиабилеттин баасын түшүрүмүш болушат да кайра эле кымбаттатып салышат. Жай мезгилинде самолёт менен учуу абдан кымбат, баалар учак менен кошо эле асманды карай учат. Кокустан шашылыш кабар келип,туугандары каза болуп калып капилеттен ала турган болсоң 20-25 миң сомду чапчыйт.

Авиакомпаниялардын шарты боюнча 20 кг багаж, 5 кг кол сумка алууга уруксат берилет. Кээлери аэропортко барып алгандан кийин  ашыкча жүгү болуп калып,   ар килограмм үчүн 10 евродон кассага төлөйт. Ал эми 7 кг ашып кетсе эсептей бериңиз. 70  еврону ыйлаган бойдон кызылдай санап бергендерди көрүп эле  жүрөбүз. Поезд менен кетүүнүн артыкчылыгы канча жүк болсо да кенен алып кете бересиң.

Тийиштүү жерлерге кайрылсак бул маселени Кыргызстан өз алдынча чече албастыгын айтышты.

Демек биздин өкмөт проблеманы жайгаштыруу үчүн эл аралык деңгээлде аракет кылуусу керек.

Жакында эле  Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов  Россиянын темир жолунун жетекчиси менен жолугушту.  Анда  ал поезд каттамдарына тарифтерин карап чыгуу демилгесин көтөргөн. Маселе оң жагынан чечилип каларына үмүт кыла туралы.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу