Орусиядагы балдар үйүнө ташталган кыргыз жигит: «Апамды көрүп, Кыргыз өлкөсүнө барууну кыялданам»

1985-жылы 13-июлда төрөлгөн Дастан Абдулдаев Орусиянын Новочеркасск шаарындагы Батайск балдар үйүндө тарбиячы болуп иштейт. Анын айтымында, ал балдар үйүнө ташталган балдарга жетишпеген жылуулукту аз да болсо берүүгө аракет кылат. Убагында Дастан Абдулдаевди да энеси төрөт үйүнө таштап кеткен. Улуту кыргыз болгону менен, кыргызча сүйлөй албаган Дастан кыргыздар менен 22 жашка чыккан соң гана тааныша баштаган.

«Кыргыз менен 2007-жылы биринчи жолу таанышкам. Бара-бара кыргыз тааныштар көбөйдү. Бул жакта майрамдарда диаспора ар дайым чакырып турат», — дейт Абдулдаев.

Апасы таштап кетсе да, аны көргүсү келип издеген, бирок ар кандай тоскоолдуктарга кабылып, издөөлөрү натыйжасын бербей келет.

«Бир убакта апамды издеп көргөм, бирок издөө ийгиликтүү болбой калды, ал фамилиясын өзгөртүп кетиптир. Ушундай тоскоолдуктар жаралды. Албетте, көргүм келет. Анын туулган күнү да эсимде, 27-февраль, 1964-жыл», — дейт Дастан Абдулдаев.

Андагы документтер боюнча апасы Абдулдаева Күлбүбү Абдиназаровна учурда кайда экени белгисиз. Дастан Абдулдаев башка элде өссө да, кыргыз салттарын билип, апасын түшүнүп жатканын айтат.

«Апамды да жакшы түшүнөм. Мага кыргыздардын салттары тууралуу айтып беришкен. Кыргыздарда күйөөсү жок төрөп коюу өтө уят экенин билем. Мүмкүн, анда башка тандоо жок болсо керек, анткени аны кыргыз коомчулугу түшүнбөйт болчу. Мындай көз карашта апамда башка жол жок болсо керек. Ал мени төрөт үйнө таштоого аргасыз болгондур. Ошентсе да мени төрөп, жарык дүйнөгө алып келгени үчүн ага ыраазымын. Мүмкүн, мени балдар үйүнө таштабаганда, мындай тарбиячы болбосом керек. Балким, тагдырым башкача болмок…» — дейт ал. Келечекте Кыргыз өлкөсүнө келип иштегиси келгени менен, кыялы орундалары азырынча белгисиз. «Менин кыялым окуп, иштеп, тажрыйба топтоп, Кыргыз жергесине барып иштегим келет, бирок бул кыялым орундалабы билбейм», — дейт Абдулдаев.

Мамлекеттик каттоо кызматы апасын издеген Дастан Абдулдаев аталган кызматка тиешелүү документтерин, ошондой эле төрөт үйүнөн төрөлгөндүгү, балдар үйүнөн ошол жакта өскөнү тууралуу маалым кат менен кайрылышы керектигин айтышты. Мындай тагдырлар бүгүнкү күндө ондоп, балким, жүздөп саналат. Өлкөдөгү жумушсуздуктан чет өлкөгө агылган жаш кыздарыбыздын балдары бөтөн жерде, бөтөн элде, балдар үйүндө өсүп жатканы баарыбызга белгилүү. Акыркы жылдары Орусиянын Москва шаарынан эле алынып келинген кыргыз балдары жыл сайын ондоп саналууда. Бул расмий гана көрсөткүч. Каттоодон өтпөй төрөлүп ташталганы канча… Өлкөнүн азыркы кетиши мындан бир канча жылдан кийин Дастан Абдулдаев сыяктуу жүздөгөн мекендештерибиздин энелерин издеп кайрылуусуна түрткү болбойбу?..

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу