Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке талапкерлер көрсөтүлдү

Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке талапкерлер Жогорку Кеңештин комитетинде каралат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев кабарлады.

Орусияга элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга азыркы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети элчилердин талапкерлигин 15-январда өтө турган жыйында карайт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу