Орунбеков: «Атамбаев канча мактанбасын — Кыргызстанды эң жакыр 50 өлкөнүн катарына кошту»

Дайырбек Орунбеков: «Атамбаевдин кооз сөздөрүнүн жалган экенинин далили — Кыргызстан эң жакыр 50 өлкөнүн катарына киргени».  Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады:

«Атамбаев канча мактанбасын — Кыргызстанды эң жакыр 50 өлкөнүн катарына кошту. Бул анын кооз сөздөрүнүн баары жалган экенинин далили.

Ал, мындай алсыздыгын, төгүлгөн абийирин өз оппоненттерине куугунтук кылуу менен жаап жашырып, элдин көңүлүн башкага буруп жатат. Тактап айтканда, эңшерилип калган экономика, чөнтөктү каккан тышкы карыз, ГЭСке бөлүнүп изи сууп кеткен 37 млн доллар, жол салуудан уурдалган миллиондор, учактагы сырдуу жүктүн түйүнүн чечүүгө жообу жок калды. Башкача айтканда истерика болуп жатат. Орустар айткандай, «лучшая защита — это нападение!» деген көз карашты карманды»,-дейт Орунбеков

Аргумент.kg
Жооп калтыруу