Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын башкаруусуна өттү

Мындай макулдашууга 6-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары алкагында кол коюлду.

Ага ылайык, Орто-Токой суу сактагычын кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өттү. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алды.

Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашса да, ага ээлик кылуу тизгинин буга чейин эки тарап бири-бирине ыраа көрбөй келген. 2016-жылы суу сактагычты кайтаруу боюнча эки тараптын ортосунда маселе чыгып, ал өзбекстандык бир милиционердин кыргызстандык чек арачылар тарабынан кармалышына чейин жеткен. Өзбек милиционери он күндөн кийин өзбекстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилген.

Көп өтпөй, Өзбекстандын милиция кызматкерлери тик учак менен келип, Кыргызстандын аймагындагы Үңкүр-Тоо телемунарасынан радирелейлик станциянын төрт кызматкерин кармап кеткен. Бир айга жакын убакыт Өзбекстандын Наманган облустук милициясында кармалып турган төрт кыргызстандык жарандын бошотулуусу Ислам Каримовдун өмүрүнүн акыркы күндөрүнө туш келген.

Бул күнү кыргыз-өзбек делегациялары Ташкентте дагы алты келишимге кол коюшту. Алардын ичинде энгергетика, жол жана аба байланышы, чектеш аймактардагы ишеним чаралары боюнча документтер бар.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен 5-октябрда барган. Бул күнү тараптар өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга жана ар кайсы тармактар боюнча 12 кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Президент Атамбаевдин Ташкенге сапары 6-октябрда аяктады.

Булак:azattyk.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу