Ооганстан: Газни провинциясында 15 карапайым киши жана 10 аскер өлдү

Ооганстандын Газни провинциясында бир нече күндөн бери куралдуу кармаш уланып жатат. Расмий өкүлдөр 15 карапайым киши жана тандалма күчтөрдүн 10 аскери өлгөнүн билдиришти. Атышуу хазарлар байырлаган Жагхори районунда 7-ноябрда талип жоочулар аймакка кол салганда тутанган. Борбордук өкмөт жергиликтүү кошуундарга жардамга атайын бөлүктөрдү жөнөткөн. Полициянын маалымат катчысы Ахмад Хан Сираттын айтымында, 11-ноябрда алты коопсуздук аскери жарадар болду. Хазарлардын көбү шиийлер. 1996-2001-жылдары бийликте турган кезде «Талибан» хазарларды басмырлап, укуктарын бузуп келген.

Өлкөнүн дагы бир чөлкөмүндө – Багланда талип согушкерлеринин чабуулунан 14 аскер жана жайкын адамдар каза болушту.

Зомбулук АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзадаймакты кыдырып жүргөн маалга туура келди. Вашингтондун өкүлү «Талибанды» Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүүгө көндүрүү аракетин көрүп келатат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу