Окумуштуулар сасык тумоонун кандай жуугарын аныкташты

Сасык тумоо вирусы шилекейден эмес, адамдын бет жүзүндө болоорун унутпаңыз. Ошондуктан оорулуунун колун кармасаң, андан кийин көзүнө, мурдуна же оозуна тийсең, жуктуруу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Суралган маалыматтардын “86 пайызы суук тийген адамдын колун кармоодон баш тартышкан. Ар бир бешинчи адам, оорулуу менен кездешүүгө баруудан баш тартышкан. 79 пайыз мурдун тарткан кесиптешинен алыс турууга аракет кылган. 34 пайызы жөтөлгөн адамдан ары качып, 32 пайызы анда-санда чүчкүргөн адамга жологон эмес”,- деп кабарланат.

Сасык тумоону жуктуруп алуудан аялдар өтө коркушат экен. Ал эми эркектер буга калптуу карашкан. Сурам-жылоодогу эркектердин 46 пайызы вирус жуктурган адамдар менен бетинен өөп учурашуудан баш тартышкан жок. Заманбап изилдөө даректерине ишенсек, адам көп чогулган жайларда (коомдук транспорт, кезекте туруу, кеңседе) инфекция жуктурган адам менен түздөн-түз карым-катнашта болгон иммунитети төмөн адам вирусту ылдам эле жуктуруп алуу коркунучу бар.

Булак:zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу