Нурчолпон, ырчы: «Эң алгачкы ырымды ырдаганымда, апам көзүнө жаш алган»

Ачык мүнөз, сезимтал, кубулжуган үнүн созолонто ырдап, жаш болсо да чыгармачылык  чөйрөсүнө аралашып, талыкпай эмгектенген Нурчолпон «Argument.kg» сайтында  конокто. Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө жаш жылдыз биз менен өз оюн бөлүшүп, максаттары, ийгиликтери, чыгармачылык жолу тууралуу айтып өттү. Көздөрүнөн нур чачыраган ырчы айым маегибиздин алкагында күлүп, суроолорубузга толугу менен жооп берип жатты.

Үй-бүлөлүк абалыңыз? Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамдарыңыз кандай башталган?

-Ата-энем бир кесиптин ээлери, юристтер. Үй-бүлөдө үч кызбыз. Менден улуу  эжемдер. Мен  кенжесимин. Эжемдер азыркы учурда үй-бүлөлүү. Эки эжем тең  ата-энемдин жолун жолдошуп , юристтик кесипти тандашкан. Алардын жолдоштору да юристтер (күлүп). Үй – бүлөбүздө мен эле жалгыз чыгармачылык жолду тандаганмын.  Бирок, кичинекей мезгилимде башка балдар сыяктуу өзүмдүн кесибимди ойлонуп, «археолог» болууну самачумун. Жаш кездеги  кыялдар алмашып турат да, мектепте окуп жүргөн мезгилимде,  сыналгыны карап олтуруп опера ырчыларына көзүм түшүп, аларга аябай суктанганмын. Ошол мезгилде аябай толкундануу, сүйүнүү менен апамдан сураганым эсимде: «Апа, менда чоңойсом ушундай ырдап, опера ырчысы боло аламбы?,»-деп сураганымда апам: «Кызым, сен азыр кичинекейсиңда,  балким сенин эжелерин ырчы боло алышат, алардын үндөрү бар, сен боло албайсың го»,- деп жооп берген. Балким ошол мезгилде апам: « Менин сөзүмө такшалып ырчы болоор»,-деген максатта айтса керек. Чын эле, мен апамдын сөзүнөн улам алдыма максат коюп: «Мен сөзсүз опера ырчысы болуп, чыгармачыл инсан болом”,-деп максат койгом. Ошол эле мезгилде музыкалык мектепте окуп, ырдоого, музыкалык аспаптарда кол ойнотууга көбурөөк убакытымды бөлүп, мектептер аралык ыр сынактарга  катышып, мени окуткан устаттарымдын  ишенимине кирип мактоолорго ээ боло баштадым. Мага сабак берген  эжейлерим менин ийгиликтеримди сүйунүү менен апама айтып,  музыкага болгон шыгымды байкап,  мени мактап коюптур. Ошол учурдан баштап апам мага ишенгендей.  «Кызым, мага ырдап берчи, ырыңды угайын»,-деп айтып,  эң алгачкы ырымды апама арнагам. Менин ырдоого  багымды ачкан  ыр десем болот. Жолдубай Кайыповдун «Атам менен Энеме»,- деген чыгармасын эң биринчи апама фортепианонун жардамы менен ырдап бергем. Ошол мезгилде апам көзүнө жаш алып, менин ырымды кунт коюуу менен уккан. Ошондон тартып, музыкалык сабатымды жогорулатуу максатында Муратаалы  Күренкеев атындагы  музыкалык окуу жайына тапшырып, эки кесип боюнча билим алып, кызыл диплом менен эки окуумду бир убакытта аяктадым.

Эски жыл сиз үчүн кандай жылдардан  болду?

-Мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эски жылда көптөгөн ийгиликтерге жетиштим десем болот. Себеби, окуумду аяктап, композитордук билим алуу максатында   кайрадан консерваторияга тапшырдым. Андан кийин чыгармачылык жаатында өзүмдүн автордук чыгармам «Эркиндик» аттуу ырым жарык көрдү. Ушул ырымдын  артынан Азербайжанга,  Бакуга барып, мамлекеттик конкурска катышып, 2-орунду алып келдим. Негизинен чыгармачыл инсан болгонубуздан кийин ар тараптуу аракеттенишибиз керек. Ошондуктан,  менда жөн гана ырдоо менен чектелбестен, актердук жактанда өзүмдү сынап көрүүнү туура көрдүм. Бул оюм да оңунан чыкты. Эң алгачкы мамлекеттик  музыкалдаштырылган , “Дарак ыры” деген киного чакыруу түшүп, ал жактан мага жаш кыздын ролун беришти. Ошол эле учурда роль аткарууга жана башкы ролдогу актриса айымдын ырына үн коштоп бердим. Ошентип, эски жыл  менен чогу кинодо да тушоом кесилди.

Мамлекеттик сынакка кандайча катышып калдыңыз?

-Бул сынакка катышып калганымдын себеби: Аскар Салымбеков агайдын “Акыл тирек” деген жаштар фонду бар экен. Ушул “ Акыл тирек”  фонду  тарабынан барып катышып келдим. Негизинен мени интернет булактарынан ырдаган видеолорумду көрүшүп, мага байланышка чыгышып,  Кыргызстандын атынан барып катышып келүүмдү сунуш кылышты. Мен бул ойго макулдугумду берип, барып жогорку деңгээлде катышып, өзүмдүн бар аракетимди көргөзүп келдим. Ал жактан жатакана, тамак-аш  бүт баарын Азербайжан  мамлекети каржылады. Ал эми биз бир гана жол кирени өзүбүз төлөшүбүз керек болчу. Демөөрчү  катарында жол киренин көпчүлүк бөлүгүн  Аскар Салымбековдун “Акыл тирек” фонду каржылап берди. Буга чейин мындай чоң эл аралык конкурстарга катышып көргөн эмесмин. Ал жакта 19 мамлекеттен келген таланттуу катышуучулар менен ат салыштык. Негизи бул сынакта болгон аракетимди жумшап, “Биринчиликти алам!”,-деген ой менен умтулуп жаттым. Сынактын жүрүшүндө жогорку орунда баратып, жыйынтыгында  2-орунду алып калдым. Биринчилик Грузия мамлекетине ыйгарылды. Чындыгында экинчиликти алганым мен үчүн өкүнүчтүү болду. Кантсе да мен өзумө чоң  тажрыйба алдым. Кыргызстандын желегин желбиретип келдим. Ошол мен учун жеңиш!

Жаңы жылга  кандай кадамдар менен кирип келдиңиз?

-2018-жылда алгачкы кадамдарым  ийгиликтүү башталды десем болот. Мамлекеттик сынактарды (сессия)  жогорку деңгээлде тапшырып алдым.  Жаңы жылга  автордук чыгармаларымдын үстүндө кызуу иштеп, сиздер үчүн жаңы ырларды даярдап жатабыз.  Өзүм  музыка жаатындагы инсан болгондугума байланыштуу, композиторлук багытында окуп, татыктууу билим алганга аракет кылып жатам. Буйруса бул жылы актрисалык жөндөмүмдү байкап,: “Кинолорго катышсамбы?”,- деген ойлорум бар. Баса белгилеп айтып өтсөм болот. Мага көптөгөн таланттуу жаш муундагы балдар-кыздар музыкалык жактан сабак берүүмдү суранышкан. Алардын сунушун четке какпай, алган билимин боюнча, аларга музыкалык жактан билим берип келе жатам.

Сиздин ырларыңызды тандоодо көбүнчөсү ким багыт берет?

-Көбүнчөсү апам,  мен ырдаган ырларымды тандоого жардамга келет. Ырдын маанисине, мазмунуна карап биргеликте тандайбыз. Негизинен кандай гана ыр болбосун  эгерде жүрөгүмө жакын болсо, анда угармандардын да жүрөгүнө жетчүдөй кылып ырдоого аракет кылам.

Үнүңүзгө кандай кам көрөсүз?

-Сиздин сурооңуздан улам  бир окуя эсиме түшүп кетти. Бир учурда мен  башкалар сындуу жумуртка ичип, үнүмө кам көрүу максатында колдонуп көргөнмүн. Булбул сымал ырдап салчуудай,  жумурткага ишеничим  күч болчу. Бирок жыйынтыгында  мен күткөндөй болгон жок.  Башкалар үчүн кандай билбейм, бирок,  чындыгында жумурткадан пайда жок экенин байкадым.  Үнгө кам көрүү бул адамдын өзүнө гана тиешелүү. Мен үнүм үчүн эч кандай ыкмаларды колдонбоймун. Туура тамактанам жана ырдап үнүмдү тынымсыз машыктырам. Эгерде инсандын өзүндө Кудай тарабынан берилген үн болсо,  анда ал таланттуу чыгармачыл инсанга эч кандай ыкмаларды жасоонун кереги жок.

Эмне үчүн социалдык баракчаңызда (Instagram) башкалар сизге катталышат? Бирок сиз бирда  кишиге катталган эмессиз?

-Мен көпчүлүк убакытымды социалдык тармактарда олтуруп короткум келбейт.  Мени уккан, мени колдогон инсандардын баары мага катталышкан. Аларга өзүмдөгү жаңылыктарымды, ырларымды бөлүшүп туруу максатында ”Instagram” баракчасына катталгам. Менин социалдык баракчамда мага катталган кишилердин саны аз, бирок мен үчүн көптөй сезилет. Себеби,  дайыма жакшы маанайда ой-пикирлерин калтырып, жүрөгүмдү жылытып турушат.  Чындыгында мага катталган баардык жакын инсандарыма, менин досторума  терээң ыраазычылыгымды билдирем.

Жакынкы күндөрдө эле социалдык баракчаңызда “Мин КыялFM» радиосуна нааразычылык катын билдирдиңиз. Бул катты жазууңузга эмне түрткү болду?

-Чындыгында бул тема тууралуу коомго жайгым келген жок. Бирок, аргасыздан жазууга туура келди. Бул билдирүүмдү өзүмдүн социалдык баракчама жазып чыктым. Албетте, азыр мен ар бирине токтолуп айтып берүүдөн алысмын. Айтуунун да кажети жок. “Алар да мени туура түшүндү”,- деген ойдомун.  Мындай кырдаалдарды жаш өсүп келе жаткан таланттуу инсандарга кайталабашын каалар элем . Ал эми учурдан пайдаланып айткым келип жатат. Жаңыдан чыгармачылык чөйрөсүнө аралашып, таланттуу экендигин эл көзүнө көрсөтө албаган жаш муундарга жөн гана мүмкүнчүлүк бергиле! Алар сөзсүз түрдө өздөрүнүн жолун табат!

Чыгармачылык жашоо сиз үчүн канчалык кызыктуу?

-Чыгармачылык жашоо мен үчүн аябай кызыктуу. Себеби, мен  өзүм сүйгөн кесиптин ээсимин. Ар бир убакытымды өзүмдүн чыгармачыл жашоомо бөлүп, ырдап, жан дүйнөмдү музыкага берип  эргүү алам. Чыгармачылык жашоо дайыма бир калыпта боло бербейт. Албетте , ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылык баскычтарынан  турат эмеспи? Бирок, ал кыйынчылыктар  мен үчүн эч нерсени жаратпайт. Тескерисинче, канчалык мага кыйынчылык келген сайын, алдыга умтулуп, чыгармачылыктагы калыбымды жогорулатууга аракет жасайм. Чындыгында мен жашоомду ырсыз, музыкасыз  элестете албайм.

Жашоодо кандай ураан менен жашайсыз?

— Жашоодо алдыга умтулуп,  аракеттенип, келечекке максат коюп, жакшы ойлор менен тынымсыз эмгектенип келемин. Чындыгында менин жашоого болгон ураанымды азырынча ойлоно элекмин.  Бирок көп учурда  өзүмдү бир калыпта алып жүрүүгө, жөнөкөйлүк мүнөзгө ээ болуу менен ийгиликке жетишишимди билемин. Ошондуктан, “жөнөкөй болуу, аракеттенүү, келечекке максат коюуу анан дагы аларга жетүү!»,- деген ураан менен жашасам керек.

Эмне үчүн сиз башка кыздар сыяктуу бет боёкторун колдонбойсуз?

-Менин оюмча чыныгы сулуулук бул- табияттан берилген сулуулук болсо керек. Кээ бирлер боёнууну туура көрөт, кээ бирлери өздөрүнүн натуралдык сулуулугун сакташат. Чындыгында мен бет боёкторун колдонбойм  дегенден алысмын. Керек учурларда сөзсүз түрдө колдоном.   Ал эми  аял заты боёнуп, өзүн карап, сулуу болуп жүрүшүн сөзсүз түрдө  каалаймын жана сунуштаймын.  Менда кундө туруп боёнсом болот. Бирок жалкоолугум кармап, боёнгонго кеткен убакытымды уйкуга бөлөмүн (күлүп).

 

Акжуурат Эргешалыева

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу