Нурзат Токтосунова: «Удаа-удаа төрөп үйдөн чыкпай калайын…»

Наристенин жытына мас болуп, кубанычы  койнуна батпай жаткан  алып баруучу Нурзат Токтосунова баардык жакын адамдарына ыраазычылыгын айтып, төмөнкү билдирүүнү калтырды:

«Куттуктоолоруңар үчүн чоң рахмат кең пейил адамдар!
Аллага миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун, чоң атасы АКБЕРМЕТ деген ысым ыйгарды, берметтей аруу болсун! Түбөлүгү түз, доолоттуу, май көтөн болуп артынан көп ини- сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын😍 көптөн күткөн ырысыбыз жатат жанымда кыбырап. Ар бир аялга бакыт каалайм…»-дейт Нурзат Токтосунова.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу