Нурзат Токтосунова: “Сен түрмөнүн ичинен чыгышыӊ маанилүү эмес!» Алып баруучу Нурзат кимге нааразы?

Көп учурда алып баруучу Нурзат Токтосунова  инстаграм баракчасы  аркылуу күйөрмандарына  жашоого болгон көз карашын, позитивдүү постторун жазып келет. Бул ирет, “Сен түрмөнүн ичинен чыгышыӊ маанилүү эмес. Сенин ичиӊден түрмө чыгышы керек! Сенин түрмөӊ- сенин жаман ойлоруӊ! Мен жалкоомун! Менин ишим жүрүшпөйт! Баары мени сатып кетет! Мен сулуу эмесмин! Мен акча чогулта албайм! Мени баары жаман көрөт! Бир сөз менен айтканда өзүӊүзгө берген бааӊыз өтө төмөн болсо, сиздин ички абалыӊыз түрмөдө экенинен кабар берет. Бул жан дүйнө түрмөсү. Ички түрмө, сырткы түрмөдөн дагы коркунучтуу. Сырткы түрмөдөн канча бир жылда чыкса болот. Ички түрмөдөн сиз каалаган күнү гана чыгасыз. Каалабасаӊыз өз түрмөӊүз менен кошо көмүлөсүз. Өмүрүнүз текке кетет…”, -деп билдирүү жазып калтырган.

Тилекке каршы алып баруучу айым пикир калтырчу бөлүмүн өчүрүп койгону баарыбызга кызык болду.

БУЛАК: argument.kg 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу