Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбековдун үйлөнгөндөрүнө бир жыл толду.

Мамлекеттик маанилүү иш-чаралардын көркүн ачкан салабаттуу , сылык-сыпаа, маданияттуу жана таланттуу алып баруучу, «Нур» аттуу академиянын негиздөөчүсү,  андагы тарбияланып жаткан жаштардын күзгүсү, жол көрсөтүүчүсү  Нурзат Токтосунова былтыр дал ушул маалда таланттуу алып баруучу, актер Максат Надырбековго баш байлап, дүңгүрөтүп той беришкен эле. Убакыт деген учкан куш деген ушул белем,  көз ачып-жумганча эки жаштын баш кошкондоруна туура бир жыл толуптур. Бул туралуу алып баруучу өзүнүн «Инстагарм» баракчасына «Максат Надырбеков азамат ай, көрсө бүгүн биз үйлөнгөн күн экен да. Көңүл деген гүл. Бири-бириңерге жакшы мамиле, жакшы сөз арнап бактылуу болгула бардык жаштар» -деп жазып чыкты . Эки жашка кетпес бакыт каалайлы.

БУЛАК:ФАБУЛА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу