Нурзат Токтосунова: «Жашагым келбей калган мүнөттөр болгон…»

Баарына бирдей мамиле кылып, башканын көңүлүн алган алып баруучу Нурзат Токтосунова өздүк баракчасына төмөнкүчө билдирүү жазып чыкты. Анда, «КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КҮЛҮП ЖЕҢЕЛИ!
Менде да оор күндөр көп болду. Жашагың келбей калган мүнөттөр болгон. Ситуациялар болот, арданасың, ызаланасың, намыстанасың. Адамдардан жана чөйрөдөн көңүл калат. Күчтүү болуудан чарчайсың.
Бирок…. бирок мен үч- төрт жыл мурун издене баштадым. Китеп окудум, тренингдерге бардым. Инсандарды тааный баштадым. ТААРЫНБАГАНГА үйрөндүм. Жылуу сөз, мамиле, жакшылык күтпөөгө үйрөндүм. Күтсөң- жашоо оорлошо берет экен. Мен тескерисинче- ошонун баарын бергенди үйрөндүм. Адамдарды сүйгөндү үйрөндүм. Жеке бааны өстүрө алдым. Бирөөнүн оюнан жана пикиринен көз каранды болбой калдым…. «-дейт алып баруучччу.

Мындай билдирүүгө алып баруучу айымдын күйөрмандары, «Сиз күчтүүсүз жашоонун баардык кырдаалын жеңесиз»-деген сындуу пикрлерин жазып калтырган.

БУЛАК : argument.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу