Нурзат Токтосунова Айгерим Расул кызынын инстаграм баракчасына жазган сөзүнө, видеосуна жооп кайтарды…

Белгилүү эки айымдын чыры кандайча болгону, кимисинен биринчи күнөө кеткени баарыбызга белгисиз. Тойдогу өз көзү менен көргөн күбөлөр гана билбесе, кимиси калп жазып, кимиси туура айтып жатканын аныктоого болбойт тура. Ырчы Айгерим Расул кызынын инстаграм баракчасына бөлүшкөн видеосуна,  Нурзат Токтосунова да ырчы айымга  жооп кайтарды.

Анда,  «Жооп бербесем болчудай эмес .Албетте биринчи айткан кишиге ишенич көбүрөөк, аны түшүнүп турам.  Айгерим Расул кызынын инстаграмдагы постун, ал постко кошуп жүктөгөн видео ‘эрдигин’ көрүп чыныгы окуядан кабары жокторду түшүп эле ‘кош бойлуу аялга кол көтөргөн тура!’ болуп жатып калышты. Калп канчалык шумдуктуу болсо ага ошончо бат ишенишет деген ыкма бат иштеди, бул окуяда. Чынында атактуу Айгерим Ошто кайсы тойго барса биринчи ырдашы керек тура) (Анысын кайдан билейин) Менин Айгеримден биринчи келген(!!!), андан улуу (!!!) АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВАНЫ биринчи ырдатканым ал ырчыга жакпай калыптыр. Ырдап бүтүп келип эле коридордон беттен алды! Мени!!! СЕН КИМСИҢ МЕНИ АЙЖАМАЛДАН КИЙИН ЧЫГАРГЫДАЙ, АЙЖАМАЛ ЭЧ КИМ ЭМЕС деди!!! Ж.б аябай жаман сөздөрдү айтты. (Видеону үнү менен чыгарсын)(Эч качан күткөн эмесмин) (15 жыл шоу бизнесте жүрүп бирөө менен үн көтөрүп урушкан эмесмин аны баары билет)
— МЕН АНЫ КҮТТҮРГӨН ЭМЕСМИН. АЙЖАМАЛ КҮБӨ. АНТРАКТА ЫРДАЙМ ДЕП КЕЧ КЕЛГЕН. ТОЙ ДА 2 СААТ КЕЧ БАШТАЛГАН.
-АНДАН БИРИНЧИ КЕЛГЕН АЙЖАМАЛДЫ ЧЫГАРБА ДЕДИ. КЕЛИП ЭЛЕ МЕН ЧЫГАМ ДЕДИ. Той ээси кимиси биринчи келсе ошону чыгар дешти. Ал эми адамга кол көтөргөнү боюнча… бул ырчынын маселе чечүүнү муштум көтөрүү деп билерин коомчулук буга чейин деле көрүп жүрбөдү беле… Ушундай ишти кылуу, анан аны мактанып интернетке бөлүшүү, акылы, маданияты, жөн гана адамдыгы бар адам айтпай турган сөздөрдү жазуу менин деңгээлим эмес. Баарына Кудай күбө. Көптөрдүн жүрөгүн оорутсам кечирим сурайм. Ата- энесин сыйлаганым үчүн унчуккан эмесмин. Ылайым мага кылган мамилесин кичүүдөн көрсүн. Аман-эсен көз жарып алсын. Бала жытына зар болуңуз дептир. Кимге Кудай БАЛА берет, кимдикин алат ал Кудайдын өз иши, түбөлүгүбүз түз болсун! Без комментариев.»-деп билдирди.

Бул билдирүүгө кайрадан Айгерим Расул кызы, Нурзат Токтосуновага сын-пикир калтырды…

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу