Нурбек Тотонов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Активдүү ишке кириштим”

— Мандат алганыңызга аз эле болду. Депутаттык ишке активдүү аралаша баштадыңызбы?

— Ооба. Өткөндө эле комитетте шаардагы курулуш маселесин карадык. Мен бир топ маселе көтөрдүм. Курулуш өтө керектүү тармак, канчалаган жумушчу орунду камсыз кылат жана дагы салык төлөнөт. Талкууга келген жетекчилер ишкерлерге жардам берип жатабыз дейт. Негизги 3 маселени айтып бериңизчи чечип берген дедим. Биз азыр ишкерлерге архитектурадан бир терезе кылып койдук, экинчи параллелдүү курулуш. Курулуш көп тармактуу, биз курулуш деп көп кабаттуу курулушту элестетебиз негизи андан башкасы деле көп. Башкача айтканда, көп кабаттуу үй салгандарга дагы, ишкерлерге дагы пайдалуу нерсе, убакытты уттурбайт деген маселе. Бул мыйзам өтө элек. Жалпы терезеге ишкерлер документ тапшырып атышат, документ жатат каралбай. Кайра барып ошол тапшырган документти алып кабинеттен кабинетке киргизмей. Анан мен айттым азыр ХХI кылым. Америкада бир самолёт учса ошону улай конгончо көзөмөлдөп атышат, баласы кетсе артынан карап турушат. Башкача айтканда технология жетишип калды. Биз болсо бир кабинеттен отуруп алып экинчи кабинеттегини жасай албайбыз. Бизде деле технология жетишип калды. Кагаздарды текшерип, карап турганга камера коюп койсок болот.

— Документтерди алууда, документтерди бүтүрүүдө техногияны колдонуу деген маселе да.

— Кийинки маселе баарыбызга белгилүү, актуалдуу маселе тыгын ошону көтөрдүм. Баарыбыз тыгында турабыз. Президент кетти, премьер-министр кетти, тез жардам кетти калганыбыз тыгында турабыз. Тыгынга турбаган бизде коомдук унаа жок. Трамвай, метро жок. Андыктан биз башка технология колдонушубуз керек. Тыгын деп тура бербестен, элге шарт түзүп беришибиз керек. Шаардагы жашоочулардын дээрлик көпчүлүгү машина айдайт. Андыктан жолдорго табло орнотуу боюнча сунуш кылдым. Эртең менен унаа бир жагын көздөй кетет ал эми кечинде болсо экинчи жагын көздөй кетет. Мисалы, эртең менен саат 07:00 15:00 чейин совет көчөсүн ылдый көздөй, донецкий көчөсүнөн чүй проспектисине чейин бир тарап кое берип, түштөн кийин ошол эле кыймылды өйдө карай кетирсе тыгын болбойт эле. Себеби эртең менен баардыгыбыз жумушка бартаканда кайра кечинде үйгө кайткан убактарда тыгын болоору баарыбызга белгилүү. Бул багытты пилоттук түрдө бир көчөдөн баштап, эгер жакшы нукка түшсө башка чоң көчөлөрдү дагы ушундай кыймылга салса болот.

— Мисалы Россияда акча көп, алар шартын каалагандай түзүп алышат бизде акча жок. Тыгын учурунда ош базардан тосмого өтүш кыйын.

— Башка көчөлөр деле бар мисалы Логвиненко, Алмата ал жактар деле бош. Мен ушул маселелерди мэрияга сунуш кылдым. Макул карап көрөлү дешти. Биз негизи элге керектүү маселерди көтөрүп чыгышыбыз керек. Анан дагы мыйзамсыз курулуш боюнча маселе болду.

— Франциянын Парижи сыяктуу Бишкек өлкөнүн эң чоң шаары болуп калды. Эл да, унаа да көбөйдү. Ушул тыгын маселесин чечүүнү сиз айтып өткөн сыяктуу практикалык жактан ишке ашырууга болобу?

— Болот. Эмне үчүн болбосун?

— Мыйзамсыз курулуштар Бишкекте толтура. Кантип чечишибиз керек?

— Экотехинспекциянын жетекчисинин орун басарына мага жооп берчи дедим. 170тен ашык Бишкекте мыйзамсыз курулуш бар экен алардын көбү уруксат кагазын алып курулушту салып жатканда ары жактан чыр чыгат анан аны мыйзамсыз деп туруп уруксат кагазын жокко чыгарат. Ошону менен курулуш токтоп калды. Бул жерде ишкер да күйөт, жумуш да токтойт. Ал курулуштун ээси өзүн-өзү билип эле алып алган эмес. Баарын майзам түрүндө кылган. Кызыл китебин алган, нормативдик документтерин бүт бүтүргөн. Курулушту куруп отуруп 3чү кабатына келгенде прокуратурадан киши келет, бул мыйзамсыз курулуш деп. Ээси мына деп болгон документтерин көрсөтөт. Көрсө жерди алып жатканда 2004-жылы бир кагаздын бир көчүрмөсү калып кеткен. Жок. Бул мыйзамсыз курулуш деп бир кагаз чыгарып мөөр басып компьютерден чыгарып берип коет. Ишкер банкротко учурайт, чоң акчага чыгым тартат. Натыйжада жумушчулар ишсиз калды. Ал курулушта кеминде эле 50 киши иштейт. Ошентип татынакай уруксаты менен иштеп жаткан курулуш объектисин мыйзамсыз деп токтотуп коюп жатышат. Мындай аракет менен маселе чечилбейт.

— Сиз ошону кандай чечүү жолдорун сунуштадыңыз?

— Аны Өкмөт карап чыгыш керек. Уруксат кагазын бергенден кийин тийбеш керек. Мисалы мен Кытайга барып келдим ал жерде үй салсаң жергиликтүү башкаруудан сууканал, газ, канализация, жылуулук, мэри, акими болобу ошол жерге келип чогулуш өткөрөт ишкер үй салат калганыңар өзүңөрдүн ишиңерди аткарасыңар деп тапшырма берет. Ал аткарылат. Бизде болсо печаты менен кагаз берип коет болду. Баарын өзүң жасатасың өзүн алып келесиң.

Сиз көтөргөн маселелердин, сунуштардын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү кандай? Аягына кантип чыгарасыз?

— Азыр эчким эч нерсе кылгысы келбейт. Сен мага тийбе мен сага тийбейм, эптеп 2020-жылга өтүп кетели андан ары Кудайдын айтканын көрөбүз дегендер. Реформа кылып, маселе чечейин деген киши жок.

— Эмнеге? Чочушабы?

— Жоопкерчилик жок көбү чочушат. Акыркы окуялардан уламбы. Кадамдарды башташыбыз керек. Радикалдуу иштерди кыла турган кишилер керек.

— Сен айткандай көбү коркуп калышты. Жоопкерчилиткен качып атышат. Радикалдуу маселелерди жасашса экономика дагы социалдык жашоо дагы алдыга кетет. Сиз ошол сунуштарды Парламенттин өкүлү катары аягына чейин көзөмөлдөп аткартууга мүмкүнчүлүгүңүз кандай? Ишке ашырганга аракеттенесизби?

— Ишке ашыр деп айтабыз бирок аларды сабай албайбыз да. Сабап да жасата албайбыз.

— Сизде укук бар да. Мэрияга барып көтөрүлгөн маселе кана деп талап кылсаңыздар болбойбу?

— Сунуштар боюнча талап кылабыз. Сиз айткан боюнча карап келдик. Иштеп атат деп, мазмунун келиштирип жооп берип коюшат.

— Сиз жаңы эле парламентке кадам таштап атып көптөгөн маселерди көтөрүп жатыптырсыз. Ар бир депутат мыйзамды сунуш кылыш керек киргизиш керек. Азыркы айткандарыңызды мыйзамдык негизде улантып, мыйзамдык негизге салуу оюңузда барбы?

— Бир нерсени сындасаң чечүү жолдорун сунушта дейт го. Өрт коопсуздугу боюнча мыйзамдар кирген азыркы мыйзамга мурун 28 метрге чейин бир тарап жактан чегиңиз болсо үй куруп алты метр калтырып кура берсе болот болчу. 2013-жылдары өрт өчүргүчтөр киргизип, сунуштап өзгөртүп алышкан эки жагынан алты метрден. Реалдуу шартка ылайктуу мыйзам болуш керек эле. Бул тууралуу куруучулар дагы, өрт өчүрүүчүлөр дагы бирдей пикир айтышууда. Чынында эле бир тарабынан кирсе жетиштүү болот.

— Мурдагы кабыл алынган бирок биздин бүгүнкү жашообузга көп туура келбеген мыйзам. Бирок сиз аны шартка туура келгендей кылып өзгөртүү максатыңыз бар экен да?

— Ооба. Жазып атабыз мыйзамды. Бул мыйзамды киргизип жакында сунуштап алып чыгабыз. Мыйзам долбоорду 2-3 депутат демилгелеп, иштеп атабыз.

— Албетте сиз элдин маселесин чечишиңиз керек эл менен жолугушуңуз зарыл бирок сиздин негизги озуйпаңыз мыйзам чыгаруу. Бул багытында кандай аракеттерди кылып жатасыз?

— Биринчиси өрт коопсуздугу азыркы айтып аткан өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштап атабыз. Аябай керектүү ушул мыйзамдын негизинде көп нерселер токтоп турат. Кээ бир ишкердики баштап аткан иши токтоп калды. Кээ бирлери үй курганга болбой турган жерди алып алышкан. Көп жерлер жараксыз болуп турат мыйзам ишке ашып кетсе далай элдин көйгөйү чечилет. Мыйзам толук жазылып бүтүп калды. Парламентте биринчи, экинчи окууда комитеттерде каралып чыгат. Жакын арада бүтө турган иш.

— Мыйзам жагынан активдүү киришип атканыңызды түшүндүм. Сизге ийгилик каалайм. Сиздер элдин өкүлдөрүсүңөр жалпы элдин депутатысыздар ошондуктан элдер көп кайрылат. Ошол жаатта ишмердүүлүк башталдыбы? Сиздерди эл шайлагандан кийин элдин кайрылуусуна көңүл буруп ар бир маселелерин чечип беришиңиздер керек.

— Ооба биз Кыргызстан боюнча жалпы өкүлбүз бирок, ар бирибиздин туулуп өскөн айылыбыз бар. Өзүм Токтогул районунан болгондуктан, ошол жерден добуш алып шайландым. Башка жактагылар көп тааныбайт да себеби мандат алганыма аз күн болду. Маселен, Токтогулдун Тоолук деген айылында өзгөчө кырдаал бар, райондон ары 110 киллометр. Эки белди ашып барасың, жолу начар. Жаз, күз айлары жамгырдан улам жер көчкүлөр жүрүп, чоң машиналар араңдан барат. Жүргүнчүлөр 3-4 күн жолдо калган учурлар болот. Ушул маселени тез арада 2019-жылы планга киргизүү боюнча демилге көтөрүп атам. Себеби эл талап кылып атат. Биз азыр ушул маселени өкмөттөн талап кылып атабыз.

— Декабрь айында жашап атабыз. Бюджетке кирүү мүмкүнчүлүгү барбы?

— Бюджетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө кырдаал көп болгондуктан маселе тезинен каралып бюджетке кириш керек. ДЭУбу, Транспорт министрлигиби эсептеп чыгып анан өздөрү киргизет.

— Бул маселе шайлоочулар тарабынан сунуш болдубу?

— Шайлоочулар тарабынан дагы сунуштар жана кайрылуулар келип түшүүдө. Фейсбук баракчама дагы комментарий жазып жатышат. Бирок мен райондогу көйгөйлөрдү жакшы билем.

— Сиздин негизги иштериңизди билдик. Маегибизди бүтүрүп жатып сизге көптөгөн ийгиликтерди каалайм. Абдан активдүү киришиптирсиз. Ушул бойдон кандай маселе көтөрсөңүз, ошол бойдон алып кетиңиз. Жогоруда көтөргөн маселелериңизди элге көрүнүш үчүн эмес, ошону аягына чейин жеткирет деген ишеним болсун.

— Рахмат.

Олжобай Токтосунов 

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу